Имараттын жана курулуштун чыдамдуулугу

Википедия дан

Имараттын жана курулуштун чыдамдуулугу - имараттын, курулуштун пайдалануу сапатын көпкө жоготпой туруу касиети.

Имараттын жана курулуштун чыдамдуулугу анын негизги конструкциялык бөлүгүнүн (пайдубалы, күч келүүчү дубалы же түркүгү) канчалык мөөнөткө бузулбай турушу менен аныкталат. Анын шыбы, чатыр жабуусу, таманы (полу), терезе рамалары, каалгалары, конструкциялык бөлүктөрү көпкө чыдабай, бат эскирип бузулгандыктан алар капиталдык оңдоо учурунда алмаштырылат.

Имараттын шамалга, жаан-чачынга ж. б. сырткы бузуучу аракетке көп дуушар болгон тышкы бөлүгү, айрыкча чатыр жабуусу, шыбагы узакка чыдабайт. Жалпы алганда имараттын түрдүү конструкцияларынын акырындык менен бузулушу бирдей эмес. Имарат чыдамдуулугун жогорулатуу үчүн анын ар бир конструкциясына зарыл болгон чыдамдуу курулуш материалдарын тандап алуу, курууда ным кирбегендей сактагыч жана изоляциялык материалдарды колдонуу талап кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.