Инвестициялардын туруксуздугу

Википедия дан

Инвестициялардын туруксуздугу - Инвестициялар - жалпы чыгымдардагы өтө туруксуз компонент.

Инвестициялардын жана УДПнын динамикасын талдап чьиуу менен, инвестициялар УДПга караганда кыйла көбүрөөк туруксуз.

Бул төмөнкүдөй себептер менен аныкталат:

а) Кызматтын узак мөөнөттөрү. Эскилиги кеткен жабдууларды:

  • алмаштырууга, б.а., модернизациялаштырууга болот, бул инвестицияларды да көбөйтөт;
  • оңдоп алып, дагы пайдалана берүүгө болот, бул жалпы инвестицияларды көбөйтпөйт.

в) Ири инновациялардын регулярдуу эместиги. Илимий-техникалык прогресс (ИТП) инвестициялоонун башкы стимулу, бирок ири жаңылык киргизүүлөр дайыма боло бербейт. Ал эми мындай учур болсо инновациялар кескин өсөт, андан кийин турукташат.

c) Пайдалардын өзгөрүлмөлүүлүгү. Ишкерлердин пайдасы - инвестициялар үчүн негизги булак. (Андан тышкары, тышкы карыз жана акцияларды чыгаруу инвестициялардын булактары болуп эсептелет.) Пайданын өзгөрүлмөлүүлүгү инвестициялардын өзгөрүүлөрүнө алып келет.

d) Күтүүлөрдүн өзгөрүлмөлүүлүгү. Инвестицияларды жумшоо жөнүндө ишкерлердин ишенимине (үмүткөрдүгүнө, үмүткөрсүздүгүнө) төмөнкүлөр таасирин тийгизет:

  • саясий окуялар, жаңы мыйзамдар;
  • демографиялык факторлор (калктын өсүшү, рыноктогу суроо-талаптын көбөйүшү);
  • фонд биржасындагы жагдай (мисалы, акциялардын курсунун жогорулашы келечектин үмүткөрдүк күтүүлөрүнүн өсүшүнө алып келет).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9