Ингуш Википедиясы

Википедия дан
Favicon Википедия Ингуш Википедиясы
ГӀалгӀай Википеди
URL:

inh.wikipedia.org

Долбоордун мүнөзү:

Жакшылык

Сайттын түрү:

Тармактык энциклопедия

Катталуу:

Милдеттүү эмес

Тили:

Ингуш тили

Ээси:

Викимедиа фонду

Иштеп баштаганы:

19-апрель 2018-ж; 6 жыл мурун (2018-04-19)

Макалалардын саны:

2 189 (252-орун)

Файлдардын саны:

35

Баракчалардын саны:

14 178

Оңдоолордун саны:

65 838

Катталган колдонуучулары:

4 620

Активдүү колдонуучулары:

9

Администраторлору:

2

Тереңдиги:

139,3

Ingush Wikipedia

Ингуш Википедиясы (ингуш. Гӏалгӏай Википеди) — Википедиянын ингуш тилиндеги, расмий бөлүмү. 2018-жылдын 18-апрелинде inh.wikipedia.org сайтында түзүлгөн. Үч ай мурун, Викимедиа фондунун Тил комитети долбоорду жактырган[1]. 2018-жылдын 20-апрелине карата көпчүлүк макалаларды Wikimedia Incubatorдан жаңы доменге көчүрүү боюнча жумуштар аяктаган. Ингуш долбоору 10 жылдан ашык убакытты инкубатордо өткөргөн.

Википедиянын Ингуш тилиндеги бөлүгү 2024-жылдын 22-май (бугу) күнүнө карата өзүнө 2 189 макаланы камтыйт.
4 620 катышуучу катталган, алардын ичинен акыркы 30 күн аралыгында 9 катышуучу салым кошкон.

2 катышуучу администратор макамына ээ. Оңдоп-түзөөлөрдүн жалпы саны 65 838. Ингуш Уикипедиясынын администратору Муса Евлоев[2].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]