Индия элдик көтөрүлүшү

Википедия дан

Индия элдик көтөрүлүшү (1857-59), Сыпайлар көтөрүлүшү – англиялык колониячыл үстөмдүккө каршы чыккан массалык кыймыл. Анын өзөгүн сыпайлар түзгөндүктөн, англиялык адабиятта сыпайлар көтөрүлүшү деп аталып калган. Анын башкы себеби 19-кылымдын орто ченинде колониячыл администрация тарабынан жамааттык жер ээлеринен алынган салыктын кескин көбөйүшү, брахмандарга тиешелүү артыкчылыктын жоюлушу, сыпайларга бериле турган маянанын азайышы болгон. Колониялык эзүүнүн кесепети жана англиялык товарлардын өтө көп келиши кол өнөрчүлөрдү айрыкча жабыркаткан. Көтөрүлүштүн негизги кыймылдаткыч күчүн эл массасы болгондо да дыйкандар жамааты түзүп, жетекчилик ролду феодалдар ойногон. Көтөрүлүш 1857-ж. 10-майда Мирут шаарында башталган. Адегенде сыпайлардын 3 полку көтөрүлүп, алар Делиге карай бет алган. Ошол замат аларды делилик сыпайлар менен жергиликтүү эл колдоп кеткен. Улуу Моголдордун династиясынын бийлигин калыбына келтирүү башкы ураанга айланып, падыша Бахадуршах 11ни да ушул чакырыкка кол коюуга мажбур кылышкан. Канпур, Лакхнау шаарында да көтөрүлүшчүлөрдүн аскери топтолуп, жер-жерлерде өз алдынча өкмөттөр пайда болгон. Бирок, козголоңчулардын арасынан өз ара чыр-чатак чыгып, Канпур шаарынан башка жерлерде башкарууну жеткире уюштура алышкан эмес. Көтөрүлүшчүлөрдө жалпы жетекчиликтин жана бирдиктүү аракеттенүү планынын жоктугу алардын жеңилип калышын шарттаган. Англиялык колониячылар тез эле Ганг өрөөнүндөгү көтөрүлүштү баскан жана демилгени өз колуна алууга жетишкен. 1857-ж. англиялык аскерлердин чабуулу башталып, июнда Бенарес, Аллахабад, сентябрда Дели шаары алынып, көтөрүлүштүн убактылуу борбору Ауд ш. болуп калган. 1858-ж. 19-мартта Лакхнау англичандардын колуна өткөн. Ушундан баштап көтөрүлүшчүлөр партизандык согуштун ыкмасын колдоно башташкан. Англиялык аскердин абалы оорлошуп баратканын көргөн королева Виктория 1858-ж.1-ноябрда көтөрүлүшкө катышкан феодалдардын күнөөсүн кечип, алардын артыкчылык укугун калыбына келтирген манифестке кол койгон. Натыйжада, феодал төбөлдөрү көтөрүлүштөн кол үзгөн. 1859-жылдын апрелинде колониячыл аскер партизандык согушту баскан. Индия элдик көтөрүлүшүнүн жеңилишинин башкы себеби англиялык аскердин согуштук артыкчылыгы, индиялык дыйкандар менен феодалдардын ар башка максатты көздөшү жана сыпайлардын бытырандылыгы болгон. Бирок көтөрүлүш жеңилгени менен дыйкандардын кийинки нааразылыгынан чочулаган англиялык бийлик өз саясатын өзгөртүп, феод. кысымды чектеген мыйзам кабыл алууга мажбур болгон жана Индияны башкаруу Ост-Инд компаниясынан Англиянын өкмөтүнө өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]