Инклинометрия

Википедия дан

Инклинометрия - бургулоо скважинасынын чыныгы координаталарын түзүү максатында инклинометр менен текшерип, анын кыйшаюусун мүнөздөөчү негизги параметрлерди (бурч менен азимутту) аныктоо ыкмасы.

Скважинанын кыйшаюу бурчун жана азимутун, ошондой эле ченелген жердеги тереңдикти өлчөөнүн маалыматы боюнча план - скважинанын огунун горизонталь тегиздиктеги проекциясы жана тигинен алганда магнит меридианынын теңдиктин же башка ар кандай тегиздигине түшүрүлгөн вертикаль проекциясы ж. б. түзүлөт. Мындай тегиздик катары кен чыккан жерге ошол изилдене турган скважина аркылуу өтүүчү геологиялык кесилиш түзүлө турган тегиздик алынат. Бургулануучу скважинанын чыныгы кординаталарынын бар болушу ошол скважина менен геологиялык кесилиштин ар кандай участкасынын кесилишүү чекитин так белгилөөгө, б. а. берилген багыт боюнча туура бургулоого мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.