Инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн КМШдагы ахыбалы

Википедия дан

Инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн КМШдагы ахыбалы - Шериктештиктин (КМШ) мамлекеттеринин өнөр жайында өтө начар кырдаал түзүлдү, андагы инновациялык ишмердүүлүк көрсөткүчү улам төмөндөп бара жаткандыгы менен мүнөздөлөт.

КМШ өлкөлөрүнүн рыногун чет өлкөлүк товарлар үчүн ачуу илим сыйымдуу улуттук продукцияга карата суроо-талаптын төмөндөп кетүүсүнө, анын ички рыноктон сүрүлүп чыгышына алып келди. Бир катар тармактарда артта калуулар калыбына келбес мүнөзгө айланууда, ал эми азыркы технологиялык деңгээлди өздөштүрүүгө жана колдоого талап этилүүчү чыгымдар ушунчалык көп болгондуктан, анын ордуна чет өлкөдөн даяр продукцияны импорттоо көп учурда пайдалуу боло баштады. Инновациялык продукцияга суроо-талаптын төмөндөй баштаган шартында уюмдар өндүрүштө техникалык жактан кыйла жөнөкөй, арзан продукцияны артыкча көрүшүп, илим сыйымдуу продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн кескин кыскартышууда.

Технологиялык бешинчи түрдөгү продукциянын технологиялык өзөгү электрондук өнөр жайы, эсептөө, оптикалык була техникасы, программалык камсыздоо, телекоммуникация, робот куруу болуп саналган өндүрүштүн көлөмү төмөндөп баратат. Инновациялык процесстерди аткаруунун жолундагы башкы тоскоолдук:

  • борборлошкон каржылоонун чектелгендиги;
  • ишканалардын өздөрүнүн каражатынын жетишсиздиги;
  • ата мекендик банк капиталы, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн, о. э. пайдаланылбай жаткан каражаты бар калк үчүн тобокелчилиги өтө жогору узак мөөнөттүү салымдар үчүн жагымдуулуктун жетишсиздиги;
  • рыноктун товар өндүрүүчүлөрдүн талаптарына жооп берген кеңири инфраструктурасынын жоктугу болуп саналат.

Шериктештиктин мамлекеттери жылдан кийин өз өлкөлөрүнүн экономикасынын муктаждыктарын өз күчү менен улуттук илимий-техникалык потенциалдын жардамы менен камсыз кылууга жөндөмсүздүк маселесине туш келүү кырдаалы келип чыга тургандыгы улам чындыкка айланып баратат.

Бул КМШ мамлекеттерин өздөрүнүн ички көйгөйлөрүн техниканы жана технологияны учуру менен сатып алып туруунун эсебинен чечүүгө кириптер кылат, о. э. муну менен бирге алар сырткы булактарга көпкө чейин технологиялык көз карандылыкка кабылышат, бул болсо акыр аягында өлкөнүн улуттук коопсуздугунун начарлоосуна алып келет. Ошондой болсо да КМШ өлкөлөрүндө экономиканын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жарамдуу бир катар тармактар азырынча сакталып калган. Бул колдо бар бир топ илимий-техникалык потенциалды натыйжалуу пайдалануунун негизинде мамлекеттер аралык инновациялык саясатты калыптандырууга жана жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет.

1995-ж. 3-ноябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет катышуучуларынын жалпы илимий-техникалык мейкиндикти түзүү жөнүндөгү макулдашуусуна кол коюшуп, КМШ Өкмөттөрүнүн башчылары (Түркмөнстандыкынан бөлөктөрү) экономикалык кызматташуунун эң маанилүү приоритети катары илим жана технологиялар тармагындагы интеграцияны өнүктүрүүнү бекемдешти.

Аталган макулдашууну конкреттүү иш-чаралардын системасында жүзөгө ашыруу тармактык кызматташуунун башка органдары менен (Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык координациялык кеңеш, Стандартташтыруу, метрология жана сертификация боюнча мамлекеттер аралык кеңеш ж.б. менен) тыгыз байланышта ишке ашырылат жана төмөнкү багыттарда:

  • 1. Жалпы илимий-технологиялык мейкиндиктин ченемдик-укуктук базасынын негизин калыптандыруу;
  • 2. Илимий-технологиялык чөйрөдөгү мамлекеттер аралык программалар менен долбоорлорду даярдоо жана кабыл алуу үчүн шарт менен камсыз кылуу;
  • 3. Жалпы илимий-технологиялык мейкиндиктин инфраструктурасын калыптандыруу боюнча шарт түзүү;
  • 4. КМШ мамлекеттеринин аймагында болгон бөтөнчө илимий объектилер менен курулмаларды натыйжалуу пайдалануунун жолдорун табуу;
  • 5. Жалпы илимий-технологиялык мейкиндикти калыптандыруу үчүн шарт менен камсыз кылуучу натыйжалуу уюштуруу - экономикалык механизмди түзүү боюнча жүргүзүлөт.

Жогоруда келтирилген багыттар 2011 -ж. иштелип чыккан 2020-жылга чейинки Программада каралган УИСтердин бирдикте иштеши аркылуу жүзөгө ашырылууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9