Инновациялык өнүгүүнүн стратегиясы

Википедия дан

Инновациялык өнүгүүнүн стратегиясы - Илим сыйымдуу технологияларды өздөштүрүү, инновациялык продукцияны өндүрүүнүн жана экспорттоонун көлөмүн жогорулатуу зарылчылыгы инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн стратегияларын аныктайт:

  • «күчөтүү» стратегиясы жеке өзүнүн илимий-техникалык жана өндүрүштүк-технологиялык күч-кубатын пайдаланууга негизделет. Илимий жыйынтыктарды жана өндүрүштүк күч-кубатты өнөр жайында пайдаланууда жогорку деңгээлдеги технологиялар өздөштүрүлөт, ички жана тышкы рыноктордо жаңы, атаандаштыкка жарамдуу продукцияны чыгаруу акырындап күчөтүлөт;
  • «сырттыкын өздөштүрүү» стратегиясы өз өлкөсүнүн инновациялык күч-кубатын пайдаланып, өнүккөн индустриялык өлкөлөрдө өндүрүп чыгарылуучу илим сыйымдуу продукцияны чыгарууну өздөштүрүү болуп саналат. Андан ары бардык инновациялык цикл боюнча инновациялык продукцияны түзүүдөн тартып рынокто сатууга чейинки жумуштарды өз алдынча жүргүзүүгө жөндөмдүү илимий-техникалык жана өнөр жай потенциалын бир эле учурда өнүктүрүү менен продукцияны өндүрүү күчөтүлөт;
  • «өткөрүп алуу» стратегиясы болгон чет өлкөлүк илимий-техникалык жана өндүрүштүк-технологиялык потенциалды чет өлкөлүк тике инвестицияларды тартуу жолу менен, жаңы муундагы продукция өндүрүүнү өздөштүрүү үчүн жогорку натыйжалуу жаңы технологияларга лицензия сатып алуу жолу менен өлкөнүн экономикасында пайдалануу болуп саналат.

Мамлекеттин жана ишкерлердин секторлорун туура айкалыштыруу стратегияларды натыйжалуу пайдаланууга, инновациялык ишмердүүлүктү күчөтүүгө, атаандаштыкка жарамдуу илим сыйымдуу продукция чыгаруунун көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Өндүрүштүн атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатуу көз карашынан алганда тармактардын инновациялык жана технологиялык жактан өсүүсүнүн кыйла орчундуу артыкчылыктуу багыттары болуп: ресурстарды сарамжалдуу сактоо, жогорку даражада кайрадан иштетилген продукциянын үлүшүн көбөйтүү, технологияларды жаңыртуунун керектүү динамикасын камсыз кылуу, автоматташтыруу, технологияны жана продукцияны сертификациялоо, экологиялуулук саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9