Инновациялык өнүгүү стратегиясы

Википедия дан

Инновациялык өнүгүү стратегиясы. Илим сыйымдуу технологияларды өздөштүрүү, инновациялык продукцияны өндүрүүнүн жана экспорттоонун көлөмүн жогорулатуу зарылчылыгы инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй стратегияларын аныктайт: •«күчөтүү» стратегиясы жеке өзүнүн илимий-техникалык жана өндүрүштүк-техникалык күч кубатын пайдаланууга негизделет. Илимий жыйынтыктарды жана өндүрүштүк күч-кубатты Өнөр жайларда пайдаланууда жогорку деңгээлдеги технологиялар өздөштүрүлөт, ички жана тышкы рыноктордо жаңы, атаандаштыкка жарамдуу продукцияны чыгаруу акырындап күчөтүлөт; •«сырттыкын өздөштүрүү» стратегиясы өз өлкөсүнүн инновациялык күч-кубатын пайдаланып, өнүккөн индустриялык өлкөлөрдө өндүрүп чыгарылуучу илим сыйымдуу продукцияны чыгарууну өздөштүрүү болуп саналат. Андан ары бардык инновациялык цикл боюнча инновациялык продукцияны түзүүдөн тартып, рынокто сатууга чейинки жумуштарды өз алдынча жүргүзүүгө жөндөмдүү илимий-техникалык жана өнөр жай потенциалын бир эле учурда өнүктүрүү менен продукцияны өндүрүү күчөтүлөт; •«өткөрүп алуу» стратегиясы болгон чет өлкөлүк илимий-техникалык жана өндүрүштүк-технологиялык потенциалды чет өлкөлүк тике инвестицияларды тартуу жолу менен, жаңы муундагы продукция өндүрүүнү өздөштүрүү үчүн жогорку натыйжалуу жаңы технологияларга лицензия сатып алуу жолу менен өлкөнүн экономикасында пайдалануу. Мамлекеттик жана жеке ишкерлер секторлорун туура айкалыштыруу стратегияларды натыйжалуу пайдаланууга, инновациялык ишмердүүлүктү күчөтүүгө, атаандаштыкка жарамдуу илим сыйымдуу продукция чыгаруунун көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Өндүрүштүн атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатуу көз карашынан ресурстарды сарамжалдуу сактоо, жогорку даражада кайрадан иштетилген продукциянын үлүшүн көбөйтүү, технологияларды жаңыртуунун керектүү динамикасын камсыз кылуу, автоматташтыруу, технологияны жана продукцияны сертификациялоо, экологиялуулук тармактардын инновациялык жана технологиялык жактан өсүүнүн кыйла орчундуу, артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Мамлекеттик инновациялык саясаттын стратегияларында мамлекеттик маанидеги жогорку натыйжалуу жана өзүн тез актоочу эң орчундуу инновациялык долбоорлор артыкчылыктуу болушу керек. Мамлекет тобокелчиликтин бир бөлүгүн өзүнө алып, аларды жүзөгө ашырууга жеке инвестор менен үлүштүк башталышта катышууга тийиш. Инновациялык кырдаалды жакшыртуу жана инновациялык ишмердүүлүктү күчөтүү максатында инновациялык долбоорлордун рыногун калыптандыруу, баалуу корпоративдик кагаздардын экинчи рыногун өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү, чет өлкөлүк инвесторлордун кара ниет атаандаштыгына каршы аракеттенүү зарыл. Экономиканы өнүктүрүүнүн инновациялык жолун жана эң жаңы илимий-техникалык иштеп чыгуулар менен жогорку технологияларды пайдалануунун негизинде өнөр жай тармактарын технологиялык жактан кайрадан жабдууну мамлекеттик колдоонун куралдарынын бири максаттуу программаларды, илимийизилдөөлөр менен тажрыйба-конструктордук иштеп чыгууларды, ошондой эле аларды өнөр жай өздөштүрүүнү финансылоо үчүн мамлекеттик бюджеттин жана бюджеттен тышкары булактардын каражаттарын топтоштуруу болуп саналат. Ата мекендик өндүрүштү инновациялык өнүктүрүүнү жүзөгө ашыруунун максаттуу программаларын калыптандыруу бир катар принциптердин негизинде ишке ашырылышы зарыл. Андан ичкери мамлекеттик деңгээлдеги эң маанилүүлөрү: •максаттуу программаларды түзүүнүн негизи болуп саналган долбоорлорду аны өнөр жай жүзөгө ашыруудан максималдуу экономикалык кайтарым алуу максатында коммерциялык жана бюджеттик натыйжалуулуктун талаптары боюнча сынактык тандоо; •максаттуу программаларды калыптандыруу этабында программалык иш-чараларды аныктоодогу ийкемдүүлүк (аны финансылоонун объектисин тандоо долбоорлорду илимий-техникалык, экономикалык, өндүрүштүк жана экол. талаптар боюнча баалоонун негизинде ишке ашырылат); •мамлекеттин, жеке бизнестин, коммерциялык эмес жана коомдук уюмдардын экономикалык кызыкчылыктар менен өз ара милдеттенмелерди айкалыштырууга негизденип, ийгиликтүү кызматташуусу үчүн программанын чегинде шарт түзүү болуп саналат. Ошентип, максаттуу мамлекеттик жана региондук npo граммаларды, ошондой эле инновациялык долбоорлорду айкалыштыруу жогорку технологиялуу өндүрүштүн потенциалын пайдалануунун негизинде ички жана тышкы рынокту атаандаштыкка жарамдуу продукция менен толтурууга шарт түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]