Инсандын культу

Википедия дан

Инсандын культу - тоталитардык түрдөгү бөтөнчөлүү жеке бийликтин мүнөздөмөсү, СССРде кеңири жайылган жана И.В. Сталиндин керт башына сыйынууну ашкерелөө менен байланышкан тарыхый-социалдык жана саясий түшүнүк.

Анын гносеологиялык тамырларын культтук, диний чөйрөлөрдөн издөөгө туура келет. Байыркы ишенимдердин жана жетишээрлик кеңири жайылган азыркы диний формалардын бири өлгөндөрдү пир тутуу экендиги белгилүү. Мис., байыркы Кытайда, Индияда, Грецияда жана Римде көзү өткөндөргө Кудайга сыйынгандай сыйынышкан, өзгөчө жөрөлгөлөрдү жасашкан жана ата-бабалардын культун издеп табышкан. Будда, Христ жана Мухаммеддин жеке таасирлеринин жана окууларынын алдында замандаштарынын кулдук урушу көзү өткөндөн кийин аларды кудай тутууга чейин өсүп жеткен, ал эми алардын инсандарынын культу өз кезегинде дүйнөлүк үч чоң динге ылайык келген диний культтарды пайда кылууну жана өнүктүрүүнү жөндөмдөштүрдү.

Бирок тарыхта динден тышкаркы чөйрөдө деле айрым инсандарды ашыкча көкөлөтүп ийген мисалдар көп учурайт. Бул баарыдан мурда бийлик чөйрөсүнө, андан башкаларга деле тиешелүү. Падышалардын, кол башчылардын, атактуу коомду к ишмерлердин алдында тизе бүгүү да белгилүү. Байыркы Римдеги «өкүмдар» сөзү кулдун өз ээсине кайрылганындагыдай мамилени көрсөтөт. Император Августтун учурунда жыл сайын башкаруучу эмне кылса жана эмне кыла турган болсо анын баарына моюн толгобоо үчүн ант беришкен. Бардык римдик цезарлар чексиз бийликке ээ болушкан. Тигил же бул деңгээлде «цезаризм» идеялары кээде ал тургай революциялык кыймылга чейин кирип, демократиялык коомду начарлатуу менен бийликтин жогорку эшелондорунда тамырлаган.

Мурдагы СССР элдерине «Сталиндин инсандык культунда» жашоого туура келген, ал өзү башкарган тоталитардык диктатуранын маанилүү атрибуту болгон, андан ары сталиндик да, жаңы сталиндик дагы «культтардын» катары үчүн бул атрибут үлгү болгон. ВКП(б)нын болочок жетекчилеринин бири катары, ал эми 1924-53-жж. советгик мамлекеттин иш жүзүндөгү башчысы катары Сталин (1879 - 1953) «мамлекеттик социализмдин» идеологиясы менен практикасынын өнүгүшүнө бөтөнчө инсандык таасир эткен. Сталиндин учурунда социализмди куруу социалдыкка Караганда көбүнесе административдик милдет катары каралган. Партиялык-мамлекеттик аппарат бөлүнгүс бир бийликти камсыздоонун, өз алдынча нео- цезаризмди ырастоонун каражаты болду. Социалисттик фразеология Чыңгызхандын, Темирландын, Гитлердин ж.б. тирандар менен диктаторлордун рухундагы орто кылымдык тоталитардык режимдин калканчы катары гана кызмат кьшды. Бул жагдайда анын «элдердин атасы» катары өмүрдөгү даңазасы артып, анын революциялык процесстерге, тарыхты фальсификациялоого кошкон салымы кеңейтилип созго алынган. Бул бийлик бир эле учурда катаал, атууга чейин жеткен, Сталиндин субъективдүү көз караштарын өзүнүкү деп билген партиянын «генералдык линиясынан» кичине четтеген ой же кыймыл болсо дароо басылып жок кылынган. Инсандын культтун «социализмдин табияты» менен шайкеш келбестиги жөнүндөгү акыркы мезгилдеги партиялык сөздөргө карабастан, инсандын культтук көрүнүшү Н.С. Хрущевдун, Л.И. Брежневдин, мурдагы Советтер Союзунун союздук республикаларынын ж.б. «чыныгы социализм» өлкөлөрүнүн бир катар жетекчилеринин ишмердигинде орун алган. Постсоветтик аймактагы эгемендүү мамлекеттерде бул советтик «салт» өнүгүүгө ээ болуп, Беларусь, Түркменстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдөгү саясий мамилелер буга мисал боло алат десек туура болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8