Инсценировка

Википедия дан

Инсценировка (лат.—сахналаштыруу) — кара сөз жана ыр түрүндөгү чыгармаларды театрда коюуга, теле көрсөтүү, радио берүүгө ылайыкташтырып түзүп чыгуу. Азыркы мезгилде адабий чыгармаларды инсценировкалоо өзгөчө өнүктү. Ч. Айтматовдун «Атадан калган туяк» аңгемеси (инсцеиировкалаган Б. Карагулов), «Гүлсарат» жана «Ак кеме» повесттери (инсценировкалаган И. Рыскулов) инсценировкаланып грампластинкага жазылды жана театрда коюлду. Ошондой эле көрүнүктүү сөз чеберлери А. Токомбаевдин, Т. Сыдыкбековдун ж. б. жазуучулардын чыгармалары инсценировкаланып, театр, теле көрсөтүү, радио аркылуу берилип жүрөт. Ошентип, көркөм чыгармаларды инсценировкалоо совет бийлигинин жылдарында өнүккөн кыргыз искусствосунун өзгөчө бир көрүнүшү катары кеңири өсүү багытын алды. Мектептерде адабий чыгармалар боюнча инсценировкаларды даярдоо да чоң мааниге ээ.

Булак: Ж. Шериев, А. Муратов Кыргыз адабияты терминдердин түшүндүрмө сөздүгү