Интернационализм

Wikipedia дан

Интернационализм – түрдүү мамлекеттердин, улуттардын, элдердин же алардын айрым бөлүктөрү – таптардын, социалдык катмарлардын же топтордун түпкү кызыкчылыктарын же аракеттерин бириктирүүгө умтулуусун чагылдырган көз караштар жана саясат. Өндүрүштө маалыматтык алмашуу, илимий-техникалык жана маданий өнүгүүнүн интернационалдаштыруу процесси Интернационализмдин объективдүү негизи болуп саналат. Анын күч алышы менен улуттук келишпөөчүлүктүн үстөмдүк кылышынан улуттар аралык кызматташтыкка карай бара-бара глобалдуу бурулушу шартталган XIX жана ХХ кылымда түрдүү таптардын Интернационализмдин башкы мааниге ээ болгон да, аны калыптанышында өзүлөрүнөн салымын кошкон. Буржуазиялык Интернационализмдин айрыкча түрдүү өлкөлөрдүн буржуазиясынын ортосунда атаандаштык менен чектелген. Бирок ал капитализмге чейинки түзүлүшкө каршы күрөштө башкы ролду ойноп, социалдык прогресске жңндүгүн. Ошондой эле буржуазиянын кызыкчылыгына ориентацияланган көптөгөн өкмөттөрдүн, партиялардын жана кыймылдардын кызматташтыгынын жана түрдүү союздарынын идеялык – саясий таянычы бойдон калууда. Дыйкандык Интернационализм түрдүү өлкөлөрдүн дыйкандарынын кызыкчылыктарынын тардыгы жана санынын көптүгү менен айырмаланат. Бирок, дыйкандык тилектештиктин жана уюмдардын идеялык-саясий негизи катары ага да көптөгөн региондогу дыйкандар кыймылында көп роль тийиштүү. Жумушчу табынын (пролетардык) Интернационализм К. Маркс жана анын улантуучулары тарабынан иштеп чыгарылган. Жумушчу табынын түрдүү катмарларынын өзгөчө кызыкчылыктарынын дал келбөөсүнө карабай, ал жумушчу уюмдарынын бир катар эл аралык бирикмелеринин – партиялардын, профсоюздардын, I, II жана III Интернационалдардын, жумушчу Социалисттик Интернационалдын (Социнтерндин) жана башка идеялык-саясий базасы болуп калды. III Интернационал (Коминтерн) пролетардык Интернационализмдин реформаны жокко чыгарган жалаң гана революциячыл жумушчу уюмдарынын, барыдан мурда коммунисттик партиялардын тилектештик жана өз ара жардамдашуу мүнөзүн берген.

Пролетардык Интернационализмде бул курч алган системасында жетектөөчү уюмдардын иерархиясы орнотулган. Анын эң жогорку чегинде РСДРП РКП(б) ВКП(б) – КПСС болгон. Бул Интернационализм реалдуу социализм өлкөлөрүнүн өз ара мамилелер системасында өнүгө алган. Себеби анын идеялык-саясий өнүгүүсү болуп социалисттик Интернационализм жарыяланбаган. Эгерде пролетардык Интернационализм эл аралык революциячыл кыймылда КПССтин гегемониясын бекемдөө үчүн колдонулса, СССРдин дүйнөлүк социализм системасында, социалисттик шериктештиктеги гегомониясы социалисттик Интернационализмде таянган.

Жумушчулардын күч алган жиктелиши жана дүйнөлүк өнүгүүнүн алдыңкы планына жалпы адамдык жашоого умтулуу жумушчу табынын обочолонушуна жана башка Интернационализмге каршы коюууга эмес, адамзаттын жашоосуна мүмкүндүк берген кеңири Интернационализм иштеп чыгып, ишке ашырууга түрткү берет. Мындай жаңы Интернационализмди иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу адамзаттын жашоосу үчүн зарыл өз ара аракеттердин идеялык-саясий негизи катары улуттардын, бардык этностордун, таптардын жана башка социалдык катмарлардын кызыкчылыктарынын балансына жетишүүнү талап кылат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9