Интерпедиа

Wikipedia дан

Интерпедиа деп биринчи жолу Интернет Энциклопедиясын аташкан. Ал жерде ар кимдин макала жазып, интерпедианын бардык барактарынын борбордук каталогуна кошууга мүмкүнчүлүгү бар болчу.

Интерпедиа Рик Гейтстин (Rick Gates) демилгеси болгон. Ал 1993-жылдын 25-октябрында PACS-L Listserv Коомдук Компьютердик Системалар Форумунда “Интернет Энциклопедиа” аттуу билдирүү калтырган. Ал билдирүүдө төмөнкүлөр жазылган болчу:

Бул жөнүндө канчалык көп ойлосом, ошончолук мындай жалпы жана энциклопедиялык билимди камтыган ресурс кээ бир изилдөөлөргө жана жалпы тармактык коомго маанилүү болорун түшүнүп жаттым. Катышуучулар жөнүндө айта кетсем...

Керектүү кыска макалаларды жазган авторлорду кайдан тапса болот?
Мен биринчиден көптөгөн адамдар менен байланышуу усулун табышым керек болот... лингвисстерден тартып молекулалык биологдорго чейин, жаныбарлардын укугун коргоо активисттеринен тартып энзимологдорго чейин, жана географтардан тартып хромотографтарга чейин.
Элестетсеңер! Тармак дал ушундай майданчаны камсыз кылат! Ошондуктан бул жөнүндө дагы ойлондум... андан соң муну жакшы идея деп чечтим!

Интерпедиа терминин бул теманын мурунку талкууларынын катышуучусу Р. Л. Самуэль ойлоп тапкан.

1993-жылдын ноябрында талкуу электрондук почта аркылуу жүргөн, кийинчерээк Usenet-те comp.infosystems.interpedia жаңылыктар тобу ачылган.

Барактар кандай форматта болушу керек тууралуу да келиспештиктер болду - HTML, plain text же бардык форматтарга уруксат берилиши. Талкуунун башка бөлүгү - интерпедиа үчүн жазылбаган интернеттен сырткаркы ресурстар каталогго кошуу менен анын бөлүгү болуп калабы деген суроо болгон.

Андан тышкары, бир нече көз каранды эмес "Seal-of-approval" (SOAP) агентстволор да эске алынган. Алар Интерпедиа макалаларды өздөрү каалаган критерияларынын негизинде баалайт; колдонуучулар кайсы агентствонун кеңешине кулак салышын таңдай алышчу.

Бул долбоор активдүү талкууда жарым жылдай жүрдү, бирок пландоо баскычынан чыкпай жок болду, мүмкүн анын себеби Дүйнөлүк Желенин жигердүү осүшү болгондур.


Дагы караңыз[оңдоо]

  • Интернет энциклопедия долбоору
  • Онлайн энциклопедиялар тизмеги

Шилтемелер[оңдоо]

Кызыккандарга[оңдоо]

Тышкы шилтемелер[оңдоо]