Инфусен

Википедия дан

Инфусен же нефусси (берб.: ⵉⵏⴼⵓⵙⵏ, Infunsen; араб.:  نفوسة,  Nafusa ) — Ливиядагы бербер эли.

Инфусен
ⵉⵏⴼⵓⵙⵏ

Инфусен желеги
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 144 миң адам
Ливия Ливия

Тили

нафуси,
араб (ливия диалекти)

Дини

ибадиттик мусулмандар

Расалык тиби

европеоид (жер ортолук деңиз варианты)

Кирет

берберлер

Тууган элдер

сива

Алар Ливиянын түндүк-батышында Жебель-Нефусса аймагында жашашат[1].
Мурда алар зенет уруулардын конфедерациясына кирген.
Саны 144 миң адам.
Нафуси тилинде сүйлөшөт.
Ишенгендердин көбү ибадиттик Исламды карманышат.
Ибн Халдундун айтымында, арабдардын Магрибди басып алуусунун алдында нефусси (инфусен) иудаизмди карманган бербер урууларынын курамына кирген.
2011-жылдагы Ливия ыңкылабында инфусендер өкмөткө каршы көтөрүлүштү биринчилерден болуп чыгарышкан. Революциянын бул мезгили ливиялык берберлердин тилдик жана маданий өзгөчөлүгүн коргоого берилгендиги менен өзгөчөлөндү. Каддафи Ливияны толугу менен араб өлкөсү деп эсептегендиктен, бербердин улуттук өзгөчөлүгүн тааныган эмес.

Дагы окуңуз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Encyclopédie berbère

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]