Иондоштурма нурлануу

Википедия дан

Иондоштурма нурлануу — чөйрө менен өз ара аракеттенгенде аны иондоштуруп, түрдүү электр зарядын пайда кылуучу нурлануу. Иондоштурма нурлануу түрдүү заттар менен өз ара аракеттенгенде электр нейтралдуу атомдор заряддалган атомдорго — иондорго айланат.

Иондоштурма нурлануу кванттык (электр-магниттик) рентген жана гамма-нурлануу жана түрдүү ядролук бөлүкчөлөрдөн турган корпускулалык (альфа-бөлүкчөлөр, бета-бөлүкчөлөр, нейтрондор, протондор жана башка) болуп бөлүнөт. Иондоштурма нурлануунун булагы табигый жана жасалма радио-активдүү изотоптор, космос мейкиндиги, ядролук реакторлор, рентген түтүктөрү жана башка болушу мүмкүн. Табигый шарттарда Иондоштурма нурлануу жылдыздардагы физикалык процесстердин жүрүшүнөн пайда болуп, космос мейкиндигинен жерге түшүп, өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүнө таасир тийгизет. Жер атмосферасы нурлануунун кыйла бөлүгүн өзүнө сиңирип, Жерде жашоочуларды анын зыяндуу таасиринен сактайт. Иондоштурма нурлануу медицинада оорулууларга диагноз — коюуда жана шишик, сезгенүү ооруларын дарылоодо колдонулат. Иондоштурма нурлануу жагымсыз биологиялык таасир да тийгизиши мүмкүн. Радиолог адистердин Иондоштурма нурлануунун биологиялык таасирин системалуу түрдө изилдеши нур менен дарылоодо эффективдүү жана коркунучсуз методдорду иштеп чыгуусуна мүмкүндүк түзүүдө. Иондоштурма нурлануунун организмге тийгизген биологиялык таасири нурлануунун түрлөрүнө жана анын кубаттуулугуна (дозасына) жараша болот. Ошондой эле анын таасири нурлануу шартына, организмге сиңген анын дозасынын мүчөлөргө бөлүнүшүнө жараша болушу ыктымал. Бирдей эле шартта нурланган мүчөлөр түрдүүчө жабыркашы мүмкүн. Рентген-диагностикалык изилдөөлөрдө жана радиациялык диагностикада пациенттерди нур менен дарылоодо белгиленген дозада гана дарылоо жүргүзүлөт жана анын зыяндуу залалы болбойт. Рентген терапиялык процедураларды жүргүзүүдө адамдын организмин Иондоштурма нурлануунун жагымсыз таасиринен техникалык аппараттар ишеничтүү коргойт. Иондоштурма нурлануу чөйрөсүндө иштеген медициналык персонал атайын коргоочу механизмдер менен далдаланат жана закон боюнча кыска жумуш күнү, кошумча эмгек акы, узартылган отпуск алат.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8