Исабеков Ильяс Ниязбекович

Википедия дан

Исабеков Ильяс Ниязбекович (12.9.1962-ж.т., Ак-Таш айылы) - филология илимдеринин кандидаты (2005), доцент (2014).

  • Оренбург мамлекеттик педагогикалык институтун бүткөн (1989).
  • Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1980-82).
  • 1989-91-жылдары Чаткал районундагы «Жаш-Тилек» орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими,
  • 1991-93-жылдары ушул мектепте тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары,
  • 1993-95-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин тил илими кафедрасынын лаборанты, тил илими кафедрасынын лабораториясынын башчысы,
  • 1995 2004-жылдары орус тили жана кеп маданияты кафедрасынын окутуучусу,
  • 2004-05-ж.ага окутуучусу,
  • 2005-07-жылдары кафедра башчысы,
  • 2007-08-жылдары орус филология кафедрасынын доценти болуп иштеген.
  • 2008-жылдан Ош мамлекеттик юридикалык институтунун тилдер кафедрасынын башчысы.
  • З0дан ашуун илимий макаланын, биолог адистери үчүн түзүлгөн терминологиялык сөздүктүн, орус филологиясынын 1-курстары үчүн түзүлгөн орус тилинин практикалык курстарынын автору.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (2014). Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (2010), Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (2005, 2007), “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6