Исакеев кыштагы

Википедия дан

Исакеев кыштагы (мурдагы Большевик), Үкөк – Нарын областынын Кочкор районундагы кыштак. Кочкор айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1810 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыштагынан 7 км түштүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 67 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1849 (2007); негизинен мал жана дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар. Мончо, медпункт иштейт. Ушул кыштакта туулган коомдук ишмер Б. Д. Исакеевдин ысмы ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]