Искусстводогу синтез

Википедия дан

Искусстводогу синтез – адам турмушунун материалдык жана рухий чөйрөсүн эстетикалык жактан уюштурган искусство түрлөрүнүн бир бүтүн көркөм ансамблге биригиши. Алардын идеялык, көз караштык, образдык жана композициялык биримдиги, кеңдикти жана убакытты көркөм уюштуруудагы жалпылыгы, масштабдардын, пропорциялардын, ыргактардын өз ара макулдугу көркөм көрүнүштү кабылдоону активдештирет; адамга көп жактуу эмоциялуу таасир тийгизет. Искусстводогу синтезге жасалга-колдонмо жана станоктук өнөрдүн үлгүлөрү да катышат. Убакыт искусствосунун (поэзия, музыка) синтези вокалдык жана театр өнөрү (ыр, романс, кантата, оратория, опера ж. б.) программалуу аспап музыкасында түзүлөт. Театр менен кино табиятында синтездик өнөргө кирет. Синтез ар кандай түрдө жүзөгө ашат: искусствонун бир түрүнүн ичинде (мисалы, документ фильмдин каражаттарын көркөм фильмге колдонуу) же искусство жанрларынын ортосунда (мисалы, кинематографиялык көрүнүштөрдү театрда пайдалануу). Искусстводогу синтезде алардын ролу ар кандай: кээде бир түрү доминанттык милдетти аткарат (мисалы, Египет архитектурасы живопись, скульптураны багындырып турат) же бир искусство сапат жагынан өзгөчө орунда (мисалы, классицизм искусствосунун архитектоникалуулугу, пластикалуулугу, байыркы грек искусствосунун пластикалуулугу, бароккодогу живопистүүлүк) турат. Айрым тарыхый доорлордо искусствонун түрлөрү бири-бирине эриш-аркак жашайт (мисалы, готика архитектурасы менен скульптурасы), бири-бирин шайкеш толуктайт, бири бирине контрасттуу салыштырма абалда турат (20-кылымдын көпчүлүк курулуштары). Алгачкы доорго синкретизм адам ишмердиги жана ырым-жырым, жөрөлгө менен тыгыз байланышкан искусство түрлөрүнүн бири-биринен ажырабагандыгы мүнөздүү. Искусство түрлөргө бөлүнө баштаганда, алардын бири-бирин толуктоо мүмкүндүктөрү ачылып, синтезге умтулуу касиети пайда болот. Сүрөт өнөрүнүн, сөз чыгармачылыгынын, музыканын элементтерин бир ойго багындырган храм жөрөлгөлөрү, ошондой эле үрп-адат аракеттери Байыркы Чыгыштан бери искусстводогу синтездин башталышы катары белгилүү; Египет курулушунун өтө зор көлөмүнө адамдын аң-сезиминин жеңишин даңазалаган Греция архитектурасы менен скульптурасынын шайкештиги карама-каршы келет. Орто кылымда храмдардын ичи мозаика, фреска, готикалык имарат витраждары менен жасалгаланган. Соңку готика, кайра жаралуу доорунда искусство жекелештирилип, анын түрлөрүнүн мааниси көтөрүлгөн. Улуу чеберлердин (Браманте, Рафаэль, Микеланжело, Л. Бернини) чыгармаларында искусство түрлөрүнүн ансамблге биригишинин жол-жобосу иштелип чыккан. Рококо жана 18-кылымдагы агартуу классицизминде жасалга жашоо чөйрөнү уюштурууга кызмат кылган. 20-кылымда ири мемориалдык курулуштарга, көргөзмө комплекстерине, фестивалдарга байланыштуу синтез боюнча олуттуу иш жүргүзүлгөн. 1930-жылдардан Москва метрополитенинин, Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсү (азыр Бүткүл россиялык көргөзмө борбору) курулушу менен искусстводогу синтездин актуалдуулугу күч алган. искусстводогу синтездин үлгүлөрү Кыргызстанда 60–70-жылдарда түзүлө баштады.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]