Испан революциясы (1931-39)

Википедия дан

Испан революциясы (1931-39) - испан элинин монархиялык түзүлүшкө каршы революциячыл күрөшү.

  • Испанияда монархиянын жана феод, калдыктардын сакталып калышы өлкөнү социалдык жана саясий карама- каршылыкка дуушар кылган.
  • 1930-ж. башталган экономикалык кризис ал каршылыктарды ого бетер ырбаткан. Өлкөдө иш таштоо, дыйкандардын толкундоолору күч алып, куралдуу күрөшкө өсүп чыккан. Натыйжада 1931-ж. апрелде монархия кулатылып, король чет өлкөгө качкан. Испания республика деп жарыяланып, бийликке майда республикачылар келген.
  • 1931-ж. декабрда кабыл алынган конституция боюнча чиркоо мамлекеттен бөлүнүп, мүлкү конфискацияланган. Бирок өкмөт Испания үчүн эң зарыл болгон агрардык реформа жүрзүзүү ордуна реакция менен ыкташып, жумушчу дыйкандарга каршы зомбулукту күчөткөн. Бул республикачыл өкмөттөн эл массасынын көңүлү калган. Ошол абалдан пайдаланган контрреволюция мурдагы тартипти калыбына келтирүүгө даярданган.
  • 1932-ж. 10- августта чыккан аскер козголоңу эл тарабынан дароо басылган. Саясий кризис курчуй берип, 1933-ж. оңчул күчтөрдүн кысымынан республикачыл партиялар ыдырап, парламент таркатылган.
  • 1933-жылкы шайлоодо радикалдык партия жана фашист чалыш оңчул күчтөр жеңип чыккан. Реакция бийликти ээлеп, республикапын ичинде ырк кетирүү үчүн кеңири мүмкүндүк алган. Ушул максатта реакциячыл күчтөр Автономиялуу оңчулдар конфедерациясына биригишкен. Ушул мезгилде контрреволюцияга каршы элдик күрөшкө Испания компартиясы жетекчилик кылган.
  • 1934-ж. Астурия, Каталония, Мадрид ж. б. шаарларда пролетариаттын антифаш. кыр көрсөтүүлөрү болгон. Калктын талабы боюнча 1935-ж. декабрда реакциячыл өкмөт отставка чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.