Ит тартыш

Википедия дан

Ит тартыш - кыргыз элинин байыркы байыркы күрөш оюну.

"Манас" эпосундагы "Билерге сынап жүк артыш, билмекке күчүн ит тартыш", - деген саптар, бул оюн биринчиден байыркы оюндардан болгондугун айгинелеп турса, экинчиден, бул күч сынашуу оюну экендигин билдирет. "Манаста" Букардын каны Темиркан жээни Семетей он экиге толгондо, аны Букарга кан көтөрүп той бергени баяндалат.
Тойго сегиз кан эли чакырылат. Тойдо Кокондон келген Төөбалбан менен Букардан чыккан Акбалбандын ит тартыш – күрөшү өтө таасын сүрөттөлөт. Эл ичинде ит тартыш оюнун:
Кыргыз ойну ит тартыш,
Чындыгында күч сынаш.
Элимдин ойну ит тартыш,
Эзелки оюн күч сынаш, - деп ыр менен даңазалашкан. Азыркы кезде “ Ит тартыш “ оюнунун көрүнүштөрү, балбан күрөш оюнунун айрым түрлөрүндө колдонулууда, к. Бука тартыш.

Маалымат булагы: Токторбаев Саты “ өспүрүмдөр оюндары “ .