Ичилүүчү сууну санитариялык коргоо

Википедия дан

Ичилүүчү сууну санитариялык коргоо – ичиле турган суу булактарынын булгануусун (химиялык жана эпидемиологиялык) алдын алууга багытталган мыйзамдуу санитариялык-техникалык чаралар. Суу жер астындагы суу булактарынан (жабык), ал эми суу аз же жер астындагы суунун сапаты начар болгондо агын суулардан алынат. Сууну коргоо чаралары Кыргызстандын «Ичилүүчү суу жөнүндөгү мыйзамынын» санитариялык эреже жана норма талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Негизинен иш-чаралар өзгөчө режимде чектелген санитариялык коргоо аймагында жүрөт. Ал үч бөлүктөн турат: 1) талап катуу коюлган аймак. Бул режимдеги аймакта суу топтолот жана суу түтүктөрү чыгуучу имарат жайгашкан. Ал тегерете тосулуп, айланасына бак-дарак өстүрүлүп кайтарылат; 2) булганыч суулар кошулуп, ичиле турган суунун сапатына таасир тийгизбөө үчүн чектелген аймак. Анын чеги суунун булгануусуна жана табигый тазаланышына жараша болот; 3) байкоо жүргүзүү аймагы, мында суунун башатына чейин эпидемиялык абал көзөмөлдөнөт. Суу менен камсыз кылууда борборлоштурулган зыянсыздандыруу, тазалоо, туздардан арылтуу иштери жүргүзүлөт. Сууну санитариялык коргоону санитэпидемиологиялык станция жүзөгө ашырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]