Ички саясат

Википедия дан

Ички саясат – саясаттын субъектилеринин (таптар, социалдык катмарлар, улуттар, партиялар, коомдук кыймылдар, саясий лидерлер) ортосундагы мамилелердин сферасы. Бийликти жеңип алуу, кармап калуу жана пайдалануу Ички саясаттын эң башкы маселеси. Ички саясатта мамлекеттин экономникалык, саясий кубатына жана саясий лидердин харизматикалык жана диний авторитетине таянган бийлик структуралары аркылуу ишке ашырылат. Батыш өлкөлөрдө Ички саясатты улуттук саясат деп аташат. Ички саясаттын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: социалдык, улуттук, маданий. Ички саясаттын негизинде тигил же бул принциптер (социалдык адилеттүүлүк, этатизм, фундаментализм, эталитаризм) жатат. Ички саясий максаттарды ишке ашыруу тынчтык жолу менен же зордук-зомбулук каражаттарын колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Мамлекет бул учурда, адатка ылайык, кеңири мүмкүнчүлүктөрдө пайдаланат: экономикалык рычагдар жана жеңилдиктер; жаңы жумушчу орундарын түзүүгө жана адистерди кайра даярдоого каражаттарды бөлүү жолу менен калкты иш менен камсыз кылууну жөнгө салуу; пропагандалык жана репрессивдик каражаттар; паспорттук, визалык, бажылык режим жана башка. Ички саясат маселелерди чечүү методдору коомдогу саясий бийликке мамлекеттин монополиясы менен шартталат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9