Ишенимдүүлүк

Википедия дан

Ишенимдүүлүк (бышыктык) - буюмдар, машиналар, аппараттар комплексинин ж. б. болжолдуу убакыт ичинде иштөөчү негизги параметрлерин сактап, милдетин аткаруу касиети.

Ишенимдүүлүккө буюмдардын узакка чыдамдуулугу, оңдоого жарактуулугу жана сакталуучулугу да кирет. Ишенимдүүлүк теориясында негизги түшүнүк - аткарбай калуу. Ал акырындык менен же күтүлбөгөн жерден пайда болушу мүмкүн. Ишенимдүүлүктү аныктоочу негизги статикалык мүнөздөмөлөр - аткарбай калуунун тездиги жана коркунучтуулугу. Аткарбай калуунун тездиги болсо убакыт бирдигинде иш аткарбаган буюмдардын санынын сыноого коюлган буюмдардын жалпы санына болгон катышы менен, ал эми аткарбай калуунун коркунучтуулугу убакыт бирдигине иш аткарбаган буюмдардын санынын ушул убакыттын башталышына чейин токтоосуз иштеген буюмдардын санына болгон катышы менен аныкталат.

Ишенимдүүлүктү эсептөөгө керектүү мүнөздөмөлөр атайын сыноолордун (узакка чыдамдуулукту сыноо жана контролдук иштетүү) жана иштегенде, сактаганда буюмдарды көрсөтүүчү статистикалык чоңдуктардын жардамы аркылуу алынат. Сыноо учурунда мезгил-мезгили менен буюмдун негизги параметрлери текшерилип, аткарбай калуу себептери аныкталат. Буюмдарды жана машиналарды Ишенимдүүлүккө сыноо алардын атайын жасалган тажрыйбалык үлгүсүн иштетип көрүү жана анын сериялык чыгарылгандарын ишке киргизүү жолдору менен жүргүзүлгөн. Буюмдун Ишенимдүүлүгүн жогорулатуу - негизги чаралардын бири. Алар буюмду жасал чыгарууда жана пайдаланууда талапка жараша аткарылат. Ага жаңы материалдарды пайдалануу, прогресстүү технологияны жана методдорду колдонуу, пайдаланууда талап кылынган режим менен шарттарды камсыз кылуу ж. б. кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.