Кабекова, Зоя Ивановна

Википедия дан

Кабекова, Зоя Ивановна - акын, жазуучу. Россиянын Иваново шаарында 1927-жылы 13-ноябрда туулган. 1939-жылы үй-бүлөсү Ыраакы Чыгышка көчүп келип, 1945-жылы орто мектепти аяктагандан кийин 5-Ырааккы Чыгыш армиясынын ыр жана бий ансамблинде жалданып иштеген. 1947-жылы күйөөсү Кабеков Сафарбек менен Фрунзе шаарына туруктуу жашоого көчүп келишип, Курортология илим-изилдөө институтунда алгач китепканачы, андан соң китепкананын башчысы болуп иштеген. Бир эле мезгилде “Горные зори” адабий бирикмесинин мүчөсү жана “Тулпар” адабий бирикмесинин жетекчиси болгон.

1982-жылы “Разговор на равных” аттуу биринчи ырлар жыйнагы “Кыргызстан” басмасында (“Мелодия любви” кассетасында) жарык көргөн.

Анын ырлары жана макалалары республикалык гезиттерде, «Литературный Кыргызстан» журналында үзгүлтүксүз жарыяланган.

1995-жылы Израилге репатриацияланган жана ал жакта адабий ишмердигин улантып келет.

«Второе дыхание» (Израиль: Петах-Тиква, 1997, 160 б.), «Мы из Холона» (Израиль, 1999,197 б.), «Страницы памяти» (Израиль: Холон, 2005, 196 б.), «Лодские страницы» (Израиль: Ганей-Авив, 2007, 142 б.) сыяктуу бир топ альманахтарды чыгарууга автор жана түзүүчү катары катышкан.

Согуш ардагерлеринин жана майыптарынын клубунун адабий бирикмесинин (Израиль, Холон ш.) жана пенсионерлердин адабий кружокторунун (Ганей-Авив) мүчөсү болгон. 2008-жылы Израиль мамлекетинин 60 жылдыгына жана немис улутчулдугунун үстүнөн болгон Улуу жеңиштин 63 жылдыгына арналган Ицхак Задман атындагы адабий конкурсунун лауреаты болгон. Учурда Ганей-Авивде (Израилде) жашайт.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орус тилинде

Разговор на равных. Стихи. – Ф.: Адабият, 1982. – 54 с.

Разговор на равных. Стихи. – Ф.: Адабият, 1990. – 112 с.

Арча: Стихи. - Б.: Алтын Тамга, 2000. - 121 с.

Маленькие истории, смешные и не очень: Проза. - Израиль, 2002. - 139 с.

Повороты судьбы: Стихи. - Б.: Алтын Тамга, 2007. - 233 с.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]