Каган

Wikipedia дан

Каган - байыркы кыргыз, түрк, уйгур кагандыктарындагы жогорку башкаруучунун ж-а башкы аскер жетекчисинин наамы (титулу). К. жуан-жуандардын (жужандар, аварлар) аскер башчысынын наамы катары кытай жыл баяндарында 312-ж. эскерилет. К. наамы хунндар, хазар, булгар, аварларда да белгилүү болгон. Бул наамды 6-к-да уйгур, кыргыз, карлук башкаруучулары кабыл алышкан, император, шахиншахка маанилеш сөз болгон. 8-к-дын акыры– 9-к-дын башынан 13-к-га чейин киевдик княздар да Каган титулун пайдаланышып, саясий жактан өздөрүн Хазар кагандарына тең экендигин көрсөтүүгө аракеттенишкен. Моңгол мамл. негиздеген Темучин (Чыңгыз хан) да ушул наамды кабыл алган. К. термини мусулман булактарында «хан», «хакан» түрүндө кездешет. Изилдөөчүлөр бул термин кытай тилинен кирип, «улуу башкаруучу» дегенди аныктарын белгилешет. Титул жазуу эстеликтеринде антропонимдердин компоненттери катары кездешет: Бумын каган, Ай каган, Боз каган, Билге каган, Барсбек, Барс-бег ж. б.

[оңдоо] Колдонулган адабияттар

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003

Жеке аспаптар
Аталыш топтому

Варианттар
Көрсөтүүлөр
Аракеттер
Багыттоо
Аспап кутусу
Башка тилдерде