Кадамжай сурьма кени

Википедия дан

Кадамжай сурьма кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы Шаймерден суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 800–1222 м бийиктикте 1914-ж. табылган. 1933–87-ж. мезгил-мезгили менен геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен аймагын силур, девон жана карбондун карбонат, терриген чөкмө тоотектери (сланец, кумдук, гравелит, акиташ теги) түзөт. Руда негизинен карбондун акиташ теги менен девондун сланецтери кошулган жерде, тектоникалык процесстерден пайда болгон роговик-жаспероид брекчияларында топтолгон. Брекчия кабаттарынын калыңдыгы 25–30 мге жетет. Руда тулкусу негизинен татаал кабатчалар, кээде тарам же линза түрүндө байкалат. Руда өтө чачкын. Аны түзүүчү негизги минерал–антимонит; кээде пирит, сфалерит, реальгар, аурипигмент, халькопирит, марказит, галенит ж. б. кездешет. Кен жер бетине жакын (3 кмге чейинки) тереңдикте төмөнкү температурадагы шартта гидротермден пайда болгон. Кендин базасында курулган сурьма казып алуучу алгычкы жергиликтүү өнөр жай ишканасы (Кадамжай сурьма комбинаты) 1934-жылдан ийгиликтүү иштеп жатат. Кадамжай кенинин сурьмасы 1958-ж. Брюсселдеги Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө Чоң алтын медалын алып, азыркы мезгилде тазалыгы боюнча дүйнөдөгү эталон. Сурьманын рудадагы орточо өлчөмү 2,62 %. Бир аз өлчөмдө алтын (0,2–1,5 г/т), күмүш (0,8–2г/т), флюорит (0,2–2,5%) кездешет. Руданын С2 категориясы боюнча запасы 4067,0 миң т, сурьманыкы 104811 т, алтындыкы – 2,5 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]