Каденция

Википедия дан

Каденция, каданс (итал. cadanta - түшүү, бүтүү) - музыкалык чыгарманы же анын бөлүгүнүн түзүлүшүн аяктаган гармониялуу же обондуу кайрык.

Каденциянын негизин аспаптык концерттин жеке аткарышынан жана кандайдыр музыкалык чыгарманын ичине кирген кубултмалуу мүнөздөгү эркин төкмөчүлүктү түзөт. Адегенде Каденция кубулта ойноочулардын чыгармаларына кошумча катары киргизилсе, Бетховенден баштап композиторлор өз чыгармаларында Каденциянын так өзүн берген, Каденция, фортепьяно, скрипка ж. б. аспаптар үчүн жазылган чыгармаларда жолугат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.