Кадыр уулу Турдубек

Википедия дан

Турдубек Кадыр уулу Зергер. 1948-ж. Жети-Өгүз районундагы Чоң-Кызыл-Суу айылында төрөлгөн.

С. Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр окуу жайынын колдонмо-жасалга бөлүмүн, Кыргыз Мамлекеттик Университетинин география факультетин бүтүргөн. КМУда иштеген, «Кыял» өлдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинде узанган, азыр С. Чокморов атындагы № 92 элдик көркөм кол өнөрчүлүк огуу жайында чебер-окутуучу. Турдубек күмүш, вейзилбер, жеэ, мис, датчалбас, мельхиор сыяктуу түстүү металлдардан рельефтүү жана көлөмдүү зер жасалгаларды кармайт. Ал узануусунда «чапкылоо», «сомдоо» аркылуу жумуру үлгүлөрдү кармоо, күмүш зым чосуу менен «тордоо», «чегүү» аркылуу буюм бетине көркөм оюм түшүрүү, күмүш зымды кертүү менен «сиркелетүү-таруулатуу», жалатылган күмүшкө «сыя төгүү» өңдүү зергерчилик ыкмалардан сырткары согуу (чеканкалоо) ыкмасын мыкты өздөштүргөн. Бир катар көргөзмөлөргө, семинарларга, кароо-сынактарга катышкан. Кесиптик-техникалык окуу жайларынын ар жылы өтүүчү кароо-сынагында зергерчиликти жана көркөм өнөрдүн башка түрлөрүн окутуу усулу боюнча «1995-жылдын мыкты мугалими» деген наам алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0