Кажырабат

Википедия дан

КажырабатЖалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Сейдикум айыл округуна караштуу. Кара-Үңкүр суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 585 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 13 км түштүк-батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 45 км. Кыштак 1950-ж. негизделген. Калкы 2005 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Кесиптик лицей, орто мектеп, китепкана, клуб, медпункт, мончо, почта бар. Пахта даярдоочу пункт, 2 тегирмен, 3 ак жуаз, 2 май жуаз иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]