Казакбаева Сайна

Википедия дан

Казакбаева Сайна (3. 2. 1922-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - эмгек ардагери.

1938-жылдан 1942-жылга чейин Суусамыр кыштагында китепканачы болгон. 1942-жылдан 1953-жылга чейин Суусамыр айылдык кеңешинде катчы жана төрайым, 1953-62-жылдары Кызыл Аскер (Сокулук)районунда колхозчу, 1962-76-жылга чейин Суусамыр айылдык керек-жарак коомунда ар кандай кызматтарда иштеген.

«Улуу Ата-Мекендик согушта эмгектеги каармандыгы үчүн», Лениндин 100 жылдык юбилейлик жана 1980-ж. «Эмгек ардагери» медалдары менен сыйланган. Бир нече жолу Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү болгон. 1942-жылдан 1976-жылгачейин айылдык кеңешке депутат болуп шайланган. Шааболот уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9