Кайнатма туз

Wikipedia дан
Кайнатма туздун кристалдары чоңойткондо

Кайнатма туз — тамак-ашка татымал катары колдонулуучу түссүз кристалл зат. Ал табиятта кеңири таралган. Кайнатма туз адам жана жаныбарларда кандын составында жана ткань суюктугунда болот. Организмге тамак-аш менен белгилүү өлчөмдө келип турат. Чоң кишилер күнүнө 4—8 г туз керектейт. Кээ бир ооруларда (тырышма(холера), ич өткөк, күйүктөн жабыркаганда), ошондой эле оор кара жумушта, ысык цехте иштегенде организмден көп өлчөмдө туз бөлүнөт. Адатта кандын составында кайнатма туз өтө азайганда кан суюлуп, булчуңдар тартылат. Мындай учурда организмде кайнатма туз жетишпей түрдүү оорулар (жылма булчуңдардын спазмы, сөөк булчуңдарынын тырышуусу, кан айлануу жана нерв ишинин бузулушу) пайда болот.

Организмге жетишпеген кайнатма тузду толуктоо максатында физиологиялык эритме колдонулат. Кайнатма туз бөйрөктүн, жүрөк кан тамыр системасынын иши бузулганда организмге ашкере топтолуп кетет. Мындай учурда заара айдама жана башка дарыны, тамак-ашка тузду азыраак пайдалануу сунуш кылынат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8