Холера

Wikipedia дан
Вибриондор

Холера (байыркы грек тилинен χολή «желчь» и ῥέω «теку») — адамдын ичеги-карынын жабыркатып, организмди суусуздандыруучу катуу кармаган жугуштуу оору.

Себеби[оңдоо]

Өтө коркунучтуу (карантин) ооруларга кирет. Бул оорунун булагы болуп оорулуу киши же анын козгогучун алып жүрүүчүлөр эсептелет. Холераны үтүргө окшогон микроб — вибриондор козгойт, Оорулуулар жана козгогучту алып жүрүүчүлөр вибриондорду өзүнүн заңы, кусундусу менен тышка бөлүп чыгарып, айланасындагы тамак-аш, идиш-аяк, кийим-кече, төшөнчү-орундарды, агын сууларды булгашат. Соо киши болсо мындай булганган сууну кайнатпай ичкенде, дааратканадан кийин колун жуубай, тамак-аш жегенде, оорулуулар колдонгон идиш-аяктарды, жуулбаган буюмдарын кармаганда холераны жугузуп алышат. Вибриондорду таратууда чымындардын да ролу чоң. Оорунун козгогучтары жалаң гана ооз аркылуу кирет. Айрыкча холеранын суу менен таралышы коркунучтуу. Агын сууларга түшкөн вибриондор тез көбөйүп топтолот. Аларды ичкен, сууга түшкөн, кир чайкаган жана башкалар керек-жаракка жумшаган учурда далай кишиге жугуп, оору массалык түрдө тарап, эпидемияга айланат. Холера жуккандан тартып алгачкы белгилер пайда болгончо көбүнчө 2—3 күн өтөт (инкубациялык мезгил).

Белгилери[оңдоо]

Оору катуу кармайт, негизги белгилери капысынан башталат. Күтүлбөгөн жерден ич өтө баштайт. Суткасына 30—35 жана андан да көп өтөт, кусат. Оорулуунун ичи токтолбой өтүп, тез-тез кускандыктан организм көп суюктукту жоготуп, дароо арыктайт, ээктери, мурун, кулактары көгөрүп, көздөрү ичине кирип, өңү бозорот; кол-буттары шалдырайт, алакандарынын териси кир жуугандай болуп бырышат. Дене температурасы төмөндөйт, тамырдын кагышы начарлайт, бирок эс-акылы ордунда болот. Ичинин өтүшү күчөп, заң бара-бара түсүн жоготуп, боз суюктукка айланат. Бул белгилер холеранын өтө оор түрүндө болот. Организм суюктукту көп жоготкондуктан жүрөк, бөйрөк, өпкөнүн иши начарлайт, кан коюуланат. Убагында медициналык жардам көрсөтүлбөсө оорулуу майып болуп калат.

Эль-Тор холерасы[оңдоо]

Эль-Тор холерасында оорулуунун ичи тез-тез өтпөйт, көп куспайт, суюктукту анча жоготпогондуктан анын жалпы абалы анча деле начарлабайт. Бирок алар узакка чейин вибриондорду тышка бөлүп чыгарып, оорунун булагы болуп калат. Холераны соо адамдардын арасына таратат. Демек Эль-Тор холерасынын белгилери башка жугуштуу ичеги-карын ооруларынан (дизентерия, сальмонеллёз, энтерит, гастроэнтероколит жана башкалар) көп айырмаланбайт. Ошондуктан оорунун негизги белгилери (капысынан ич өтүү, кусуу жана башкалар) пайда болсо, аны жөнөкөй эле тамактан уулануу же күптүү болгондуктан деп көңүл бурбай коюу абдан жаңылыштык. Ичеги-карын оорулардын кандай гана түрү болбосун, алардын белгилери байкалары менен врачка кайрылуу зарыл. Холеранын алдын алуу үчүн оорулуу менен бирге болгондорду 5 суткага чейин изолятордо кармап лабораториялык текшерүүдөн өткөрүшөт. Чет өлкөлөрдөн оорунун киришине жол бербөө, калкты таза суу менен камсыз кылуу, тамак-ашты сактоонун эрежелерин билүү, өздүк гигиенага көңүл буруу, чымындарды кырып жок кылуу зарыл.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8