Кайчы куда

Википедия дан

Кайчы куда – бири-биринен кыз алышып, кыз беришүү салты. Кыздын төркүндөрү анын кайын жагынан кыз алган, ошондой эле эже-синдилер, алысыраак даражадагы туушкандардын кыздары менен да алмашкан. Кудалар жакындыгын бекемдөө, үйлөнүү тоюна материалдык чыгымды, калың төлөөнү азайтуу же жокко чыгаруу үчүн да кайчы куда болушкан. Кайчы куда салты өзбектерде, түркмөндөрдө жана башка элдерде да кездешет.