Кактоочу машина
Кактоочу машина - көк чай жалбырагын алдын ала кургатуучу аппарат. Чай жалбырагынын нымдуулугун 75-78%тен 61-62%ке чейин жеткирет. Кактоочу машина туюк металл камерадан жанаанын ичиндеүстү-үстүнө туурасынан жайгашкан тилке-тилке болгон конвейерлерден турат. Конвейердин кыймылына жараша чай жалбырактары төмөн карай которулат. 45-48°Сге чейин ысытылган аба конвейер аркылуу жиберилип чай жалбырактарын кактайт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5