Калбыр

Википедия дан

Калбыр – дан, талкаланган кен, катуу отун, ири кум, шагыл ж. б. чубурма заттарды ар кандай өлчөмдөгү торчодон сорттоп, өткөрүүгө ылайыкталган курал. Күндөлүк турмушта эгин тазалоо, кум ж. б. элөө үчүн пайдаланылат. Ал болот зымдан тордолуп же калың тунукеден көзөлүп жасалат. Диаметри 50-60 см, бийиктиги 10-15 см алкакка бекитилет. Сапырылган эгин калбырланганда чирче, кычы, алабата, меңдубана сыяктуу отоо чөптүн данынан, чар, таш-кумдан, кум элегенде таш ж. б. арылат. Азыр Калбыр комбайнда орнотулган. Өнөр-жайда кыймылсыз түзүлүштөн жана кыймылдуу машинадан турган Калбыр колдонулат. Кыймылсыз Калбыр [колосниктүү, догоолуу (жаа), конустуу] калбырлоочу беттен, аны орнотуп бекитүүчү жумушчу органдан жана кыймылга келтирүүчү механизмден турат. Колосниктик Калбыр көзөнөкчөлөрү 50 мм болуп, кесек материалдарды; доголук Калбыр болсо майда дандуу материалдарды (көмүр, кум ж. б.); ал эми конустуу Калбыр кесек материалдарды сорттоодо, суусун сарыктырууда колдонулат. Калбыр айланып (барабандуу), термелип, дирилдеп жана жарым жартылай дирилдеп кыймылдайт. Барабандуу бир октун айланасында айланып калбырлайт. Термелүүчү Калбыр атайын себетке бекитилген жана кыймылдоочу механизмге кошулган. Дирилдек Калбырдын себети атайын дирилдегичтин жардамы менен кыймылга келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]