Калкаланган аймактар

Википедия дан

Калкаланган аймактар – Экинчи дүйнөлөк согуштун жыйынтыгында БУУнун Уставында каралган БУУнун Эларалык камкор тутумуна киргизилген аймактар. Ага негизинен мурда Улуттар Лигасынын мандаты алдында турган аймактар же болбосо мурдагы колониялар, биринчи кезекте Германиянын жана анын бирликтештеринин, Африкадагы (Камерун, Руанда, Бурунди, Сомали, Танзания, Түштүк-Батыш Африка) колониялар жана болжолу 20 млн. калкы бар Тынч океандагы аралдар (Батыш Самоа, Науру, Жаңы Гвинея, Мариан, Маршалл жана Каролин) кирген. Аларды башкаруу ишин БУУнун макулдугу менен жана анын Камкордук боюнча кеңешинин көзөмөлү астында мурдагы колониялуу державалар – Улуу Британия, Бельгия, Франция, ошондой эле БУУнун чечими боюнча – Италия (Сомалиге жакын) жүзөгө ашырган. Мындан тышкары, БУУнун Коопсуздук Кеңеши 1947-жылы Каролин, Мариан жана Маршалл аралдарын «стратегиялык аймак» катары АКШнын башкаруусуна берген. 1997-жылга карата баардык К. а. көз карандысыздык алышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]