Калкамандын кара аты

Википедия дан

Калкамандын кара аты Калкамандын аты. Алмамбеттин келишине арналган тойдогу ат чабышта "Жакын жерден чабылып, Жазылбай калып канаты" (Сагымбай Орозбаков, 2. 341) он биринчи болуп келет. Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоо расмисинде К. а. онунчу келип, Калкаман тагдырына буюрган Ташбүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 423). Көкөтөйдүн ашында Аккуланы байгеге кошуп жиберген Манас Коңурбай менен сайышка К. а-ты минип, Алмамбеттин Сараласын жайдак коштоп чыгат. Сайыш көпкө созулуп, К. а. алсырап калгганда Манас Саралага жайдак ыргып минип, Коңурбайды сайып түшүрөт (Саякбай Каралаев, 2. 60—63). Бул окуя К. а-тын эпостук башкы каарманга тете келбеген чамалуу эле тулпар экенинен кабар берет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында да сайышка түшөрдө К. а-ты Кошой тандаганы айтылат, бирок Манас Алымсарыктын Жармаңдайын жактырып минип чыгат (Сагымбай Орозбаков, 3. 242 — 252).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4