Калкан сымал без

Wikipedia дан
Калкан сымал без: 1—калкан сымал бездин оң бөлүгү; 2— калкан сымал бездин моюнчасы; 3— күрөө тамыр; 4— калкан сымал бездин сөл бөлүгү; 5— моюнтурук венасы; 6— кекиртек.

Калкан сымал без (лат. glandula thyr(e)oidea) — кекиртектин алды жагында, кокодон төмөнүрөөк жайгашкан ички секреция бези.

Муунчак менен байланышкан эки бөлүкчөдөн турат. Анын салмагы 25—30 гга жетет, жаш өткөн сайын көлөмү кичирейет, бирок сууда йод аз өлкөлөрдө салмагы өсүп кетиши да ыктымал. Анын көлөмү аялдарда эркектердикинен чоңураак болот. Калкан сымал без байыркы заманда эле белгилүү болгон, мисалы, илгерки кытай догдурлары кургатылган калкан бези менен богок оорусун дарылашкан. Ал тироксин жана трийодтиронин гормондорун түз эле канга бөлүп чыгарат. Бул гормондордун пайда болушуна тирозин аминокислотасы жана йод керек.

Калкан сымал без иштеши[оңдоо]

Калкан сымал без гормондордон башка организмдеги кальций алмашууну жөнгө салуучу кальцитонин гормонун иштеп чыгарат. Калкан сымал безнин гормон бөлүп чыгаруусу башка ички секреция бездеринин (гипофиздин алдыңкы бөлүгү, бөйрөк үстүндөгү без, жыныс бездери) иштешине, чөйрө температурасына, ар кандай эмоциялык жана физикалык дүүлүктүргүчтөргө, организмге тамак-аш менен келген йоддун санына жараша болот. Калкан сымал безнин гормондору ткань жана органдардын бир калыпта өсүшүн тейлеп турат. Эгерде организмге бул гормондор жетишсиз болсо, гипотиреоз оорусу пайда болот. Бул ооруну өз убагында дарылабаса, шишик күчөп, бүт денеге тарап кетип, микседема оорусуна алып келет. Жаш балдарда калкан сымал безинин гормондору жетишпесе, мээнин өсүшү начарлап кретинизм оорусу пайда болот. Мында баланын бою кичине болуп, өңү саргыч тартып, териси кургап, чачтары менен тырмактары сынма болот, тили шишип кеткендиктен оозуна батпай, баланын сүйлөшүнө тоскоол болот. Сууда йоддун аз болушунан калкан сымал безинин гормондору аз бөлүнүп чыгып анын көлөмү чоңоёт, ал эндемиялык богок деп аталат. Ошондой эле гормондордун өтө көп бөлүнүшү гипертиреозго алып келет (к. Диффузиялык ууландыруучу богок).

Cекреция бези[оңдоо]

Калкан сымал бездин жанындагы без — калкан сымал бездин аркасында жайгашкан ички секреция бези. Көлөмү 10—15 мм, 2 жана 4 бөлүкчөдөн турат. Ал организмдеги кальций жана фосфор алмашууну жөнгө салуучу паратгормонун бөлүп чыгарат, сөөк тканынын пайда болушу, кандын уюшу, булчуңдун жыйрылышы, нерв импульстарынын берилиши, жыныс клеткаларынын уруктанышы жана башка физиологиялык процесстер организмде кальцийдин нормалдуу алмашуусунда гана ишке ашат.

Бул бездин секрети көп бөлүнсө (шишигинде) гиперпаратиреоз оорусу өөрчүйт, сөөк көңдөйлөнүп морт болуп калат. Ал эми сийдикте кальцийдин көбөйүшү бөйрөк же табарсыкта таштын пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Тескерисинче паратгормон организмде жетишсиз бөлүнсө, гипопаратиреоз оорусу пайда болот, анда кишини калтырак басат. Мындай абал бул без сезгенгенде же операция жасап, алып салганда болот.

Калкан сымал бездин оорулары[оңдоо]

  • Гипотиреоз
  • Гипертиреоз (Тиреотоксикоз)
  • Микседема
  • Кретинизм
  • Базедова оорусу
  • Богок Хасимото
  • Аденома калкан сымал без
  • Калкан сымал без кагы

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8