Калназарова Толгонай Муратбековна

Википедия дан

Калназарова Толгонай Муратбековна – Бирма боксу боюнча спорт чебери, Дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси жана бирма боксу боюнча Азиянын эки жолку чемпиону.

Өмүр баяны:Калназарова Толгонай 1996-жылы 18-сентябрда Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында көп балалуу (7 баланын бири) үй-бүлөдө туулган. Толгонай Кемин районунда чоңойгон. Мектепте мыкты окуган кыздарды бири болчу. Университеттеги окуу да оңой болгон: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин маалымат жана инновация факультетинде “мыкты” жана “жакшы” деген бааларга окуган.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

16 жашында (2012-жылы) Толгонай Кеминдеги секцияга бара баштаган. Ал жерде башкы машыктыруучу тай бокс дүйнөсүнө белгилүү Виктор Алексеевич Кутепов болгон (КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги[1]).

Эки жылдан кийин Толгонай Бишкекке көчүп келип, “Кикер 69” клубунда Кутеповдун шакирти Бекболсун Советбековдун колунда машыга баштаган. Советбеков – өзүн жана тарбиялануучуларын тынымсыз өнүктүрүүгө умтулган жаш адис. Толгонай машыктыруучусунан кикбоксинг, ушу-саньда жана кол күрөш сыяктуу өнөрлөрдүн түрлөрүн үйрөнгөн. Толгонай пенчак силат, аралаш силат, бирма боксу жана вале тудо боюнча чемпионаттарга катышып, бир нече ири турнирлерде жеңишке жеткен.

Жыл сайын Толгонай Ысык-Көлдө өтүүчү “Кыргызстан бермети” фестивалына катышып келет. Бул иш-чараны машыктыруучусу Советбеков Бекболсун негиздеп, уюштуруп жүрөт. Фестивалга ар кайсы өлкөлөрдөн спортчулар келишет, программага күрөш өнөрүнүн бир нече түрү киргизилет, бирок жалпысынан майрамдык маанай өкүм сүрүп турат.

Толгонай Калназарова спортко кокусунан эле келип калган эмес – анын үй-бүлөсү спорт менен тыгыз байланышта. Атасы – Калназаров Муратбек Адинович дзюдо жана согуш өнөрү менен алектенет. Апасы – Аскенова Актолкын Жеңисовна – ок атуу боюнча Казакстан Республикасынын спорт чебери, ал эми чоң энеси лыжа жарышы боюнча Казакстан Республикасынын спорт чебери. Агасы – Аскенов Даурен күрөш менен алектенет. Сиңдиси Саина эжесинен үлгү алып, согуш өнөрүнө кызыгып, бир нече турнирде жеңүүчү болууга жетишти.

Спорттогу жетишкендиктери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2015-2016 – Бирма боксу боюнча Борбор Азия чемпиону.

2017 – Дүйнө чемпионатында күмүш медалдын ээси, Бирма боксу боюнча КР чемпионатынын алтын медалы (К-1 жана К-1 Mixed Silat версиялары).

2018– пенчак силат боюнча ири турнирге катышкан, ал эми жакында эле джит кун до боюнча Борбор Азиянын чемпиону болду.

2018 – Эл аралык “Кыргызстан бермети” фестивалынын чемпиону.

2018 – Кикбоксинг боюнча Азия чемпионатынын күмүш медалы.

2019 – Джит Кун До боюнча Казакстан Республикасынын чемпиону.

2020 – Кол күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону.

2021 – Муай Тай боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону.

2021— Пенчак Силат боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону.

2022 – Кытайда өтө турган Азия оюндарына даярданууда.

Машыктыруучусу: Бекболсун Советбеков – “Кыргызстан бермети” фестивалынын негиздөөчүсү.

Шилтемелер:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Марченко И. Программист в боксерских перчатках. Как отличница стала мастером единоборств // https://24.kg/sport/139314_programmist_vbokserskih_perchatkah_kak_otlichnitsa_stala_masterom_edinoborstv/amp/

Сүрөт — Жакарта шаары Азия оюндарына катышкан мушкер Т.Калназарованын көзү менен // https://www.turmush.kg/news:351258

Наши за рубежом: Спортсменка из Кемина поделилась впечатлениями от города Джакарта (фото) // https://www.for.kg/news-508025-ru.html

Темир Канат. Встретимся на ринге! Спортсмены, прославляющие Кыргызстан своими кулаками // https://sputnik.kg/ig/long/box/index.html

https://university.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=209:kalnazarova-tolgonaj&catid=76&Itemid=580&lang=ru


[1] Мусакан Чыналиевич Кашаганов атындагы Ак-Бекет жалпы билим берүү орто мектеби. Кемин району. Кызматкерлер // https://kashaganov.mektebim.kg/staff/