Калыйбеков Молдоөмүр

Википедия дан

Калыйбеков Молдоөмүр (15. 8. 1933, Суусамыр кыштагы - 2007, ошол эле жер) - эмгек ардагери.

Ал Фрунзедеги эки жылдык мугалимдер институтунун табият таануу жана география факультетин (1952) жана Кыргызстан мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн (1960).

1952-53-жылдары ТогузТоро районунун Казарман орто мектебинде, 1953-55-жылдары Суусамыр орто мектебинде мугалим, 1960-85-жылдары мектептин директору, Суусамыр айылдык кеңештин төрагасы, Суусамыр башкы кой чарба бирикмесинин (ГОО) партиялык комитетинин катчысы болуп эмгектенген. 1997-жылдан улгайган адамдарга колдоо көрсөтүүчү «Суусамыр» фондусунун президентинин милдетин аткарган.

Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңишинин 45 жана 50 жылдыгы, Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалдары жана Ардак грамоталар менен сыйланган. 1960-90-жылдары Суусамыр айыл кеңешиюга жана райондук кеңештин депутаты болуп шайланган. Кыргызстан КП БКнын XVI съездинин делегаты (1976) болгон. Суусамыр районунун уюштурулушуна активдүү катышкан. Токтогон уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9