Калып:Портал:Еврокөрүнүү/Киришүү

Википедия дан

Еврокөрүнүү ыр сынагы – «Европа телеберүү бирикмесинин» (EBU) мүчө – өлкөлөрү арасындагы эстрадалык ыр сынагы. Сынакта «Европа телеберүү бирикмесинин» (EBU) ар бир мүчө – өлкөсүнөн бирден өкүл катыша алмакчы. Ар бир өлкөдөн сынакта 6 адамдан турган топ же бир өкүл, 3 мүнөттөн кем жана ашык эмес ырды аткарышы зарыл. Баардык катышуучулар өнөрлөрүн көрсөткөндөн кийин, жарымфиналдарда жана финалда катышкан, бардык өлкөлөрдөн турган теле добуш берүү ыкмасы менен эң популярдуу ыр аныкталат.