Камбаркан

Википедия дан

Камбаркан - кыргыздын байыркы салт-күүсү. Эл арасында күүнүн башы «Камбаркан», ал эми элдик уламыш боюнча Камбар болсо комузду биринчи ойлоп тапкан тунгуч күү чыгарган киши деп аталат. Тактаганда, «Камбар» - арабчадан келген аталыш, араб уламышында легендалык жылкычы жана музыкант. Камбарды кыргыздарда жылкынын пири деп да айтышат. «Камбаркандын» ѳз буроосу, өзүнө гана тиешелүү күүлүк мотивдери бар. Ошол кайрыктардын нугу менен ар бир комузчу ѳз «Камбар- канын» чыгарган. Буга Муратаалы, Ниязалы жана башка атактуу комузчулардын «Камбаркандары» мисал боло алат. Учурда Улуттук филармонияда «Камбаркан» аттуу тарыхый-этнографиялык, элдик аспаптар ансамбли иштейт. Аны Кыргыз эл артисти С.Садыкова жетектейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]