Канон

Wikipedia дан

Канон(грек. kanon – норма, эреже) – баары төп келген, так ырасталган, жалпы кабыл алынган жоболор үлгүлөр, нормалар.

«Канон» түшүнүгү логикада, этикада, эстетикада, тааным теориясында жана динде кеңири пайдаланылат.

Эстетикада «канон» деп берилген түрдөгү көркөм чыгармалар үчүн норма же үлгү болуп саналган мыйзамдар менен эрежелердин жыйындысы аталат. Эстетиканын тарыхында канон деп сүрөттөлүп жаткан адамдын тулку боюнун айрым бөлүктөрүнүн сандык алакасы түшүнүлгөн. Адамдын тулку боюн 6–7 ж. б. бөлүктөргө бөлүп тарткан бир нече египеттик канондор сакталып калган.

Байыркы Грецияда пифагорчулардын окуусуна таянуу менен ишмердүүлүк кылган Поликлеттин канондору өзгөчө даңкталган. Ал «канон» деп аталган кутунаны үлгү (статуя) жасаган жана пропорциялар тууралуу чыгармаларды жазган. Поликлеттин, кийин айкел Лисипптин чыгармаларында канон механикалык мүнөздө эмес, дененин айрым бөлүктөрүн бүтүн дене менен айкалыштыруу жолу менен түзүлгөн. Натыйжада канон ар кандай жана өтө татаал бөлүктөрдөн куралган биримдик болуп калган. «Сүрөтчүлөр үчүн чечмелөөлөр» деп аталган анонимдүү китеп түрүндө белгилүү болгон византиялык канондо адамдын денеси баштын көлөмдөрү аркылуу өлчөнгөн 13-кылымдагы готикалык канондо адамдын фигурасы геометриялык фигуралардан алынган ар кандай схемалардын жардамы аркасында түзүлгөн. Кайра жаралуу доорунда канон антикалык мезгилдеги космологияга, пифагорчулукка жана платонизмге кайрадан кайрыла баштаган. Альберти, Леонарда да Винчи, Дюрер жүздөгөн өлчөө бирдиктери менен иштеген эмпирикалык антропометрияга чөмүлүшкөн. Инсандын көйгөйлөрүн өсүшү жана тереңдешине байланыштуу канон акырындык менен арткы планга кетет да, эч кандай арифметикалык схемалар менен байланышпаган адамдын ички дүйнөсүн чагылдырууга жол бошотот.

Эстетикалык канондордун чөйрөсүнө маңызы чоң кичинеге карата кандай болсо, бүтүн чоңго карата ошондой мамиледе болот деген мазмундагы алтын кесилиштин мыйзамын (закон золотого сечения) киргизүүгө болот. Бул мыйзам Пифагор-платондук мезгилде жаралып, кайра жаралуу доорунда кеңири жайылтылган.

«Канон» термини логика үчүн өзгөчө мааниге ээ. Эпикур логиканы каноника деп атоо менен «канон» деп таанымдын жана чындыктын эрежелерин атаган. Логикалык мааниде «канон» Лебниц, Дж. С. Милль тарабынан колдонулган. Кант таза акылдын канону деп таанымда туура ишемдеди аткарган априордуу негиздердин жыйындысын атаган Канттын окуусунда акыл-эс канону жана моралдык ой толгоонун канону тууралуу ойлор кездешет («Критика чистого разума», II., 1915, c. 437–53). Диний чөйрөдө канон деп «Кудайдын аяны» деп таанылган жана диний ырым-жырымдарды аткаруунун практикасына киргизилген «ыйык китептердин» жыйындысы түшүнүлөт.




Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8