Кант, Иммануил

Wikipedia дан
Кант Иммануил

Канттын өмүр баяны[оңдоо]

Иммануил(Иманаали уулу) Кант(нават)(шакар) (1724—1804) — бардык мезгилдердеги философиялык ойдун титаны. Ал көп учурда Платон менен Аристотелден кийинки эң ири философ катарында эсептелет. Ал Пруссияда Кенигсбергде туулган. Анын атасы кол өнөрчү (кайыш шаймандарын жасоочу уста) болгон жана уулуна билим берүү жөнүндө камкордук көрүп, ал келечекте дин кызматкери болсо деп эңсеген. Мектепти бүткөндөн кийин, Кант Кенигсберг университетине кирет. Аны бүткөндөн кийин пруссиялык үй-бүлөөлөрдө жекече сабак берип, эмгек акы таап, бирок өз алдынча билим алуусун уланта берет. Диссертацияны ийгиликтүү коргоп, приват-доцент болот да, Кенигсберг университетинде ар түрдүү курстардан дарс окуйт. 1770-жылы ушул университеттин логика жана метафизика боюнча профессору болот, өлөрүнөн үч жыл мурда, бошоп кеткенге чейин ушул кызматта иштеп турат.

Канттын өмүрү окуяларга кедей болгон. Ал тынч, бакубат жашап өткөн, аз саякаттап, өтө так адам деген репутацияга ээ болгон. Күн сайын так белгиленген убакта сейилге чыккан, адамдар ушул сейилдөөлөр аркылуу убакыттын канча болгонун билип турушчу экен. Түштөнүүдөн кийин сейилге кечигип чыккан сейрек учурлардын бири ал Руссонун «Эмиль» деген эмгегин окуган күнү болгон экен. Достору көп болгон, аны билгендердин баары урматташып, суктанышкан, бирок анын социалдык турмушу да ишиндегидей эле ырааттуу өтүп турган. Ал үйлөнбөй бой өтөт, бирок айткандарга караганда компанияларды, айрыкча сулуу жана адеп-ызааттуу аялдардын компаниясын жакшы көргөн. Бирок анын чыгармаларын түшүнүү кыйын, стили жана мазмуну кызык болбосо да, ал чебер лектор деген репутацияга ээ болгон.

Канттын философиясы[оңдоо]

Кант өзүндө, башка эч кимге окшобой, Платондун спекулятивдик оригиналдуулугун Аристотелдин энциклопедистиги менен бириктирип турган, ошондуктан анын философиясы XX кылымга чейинки философиянын бүткүл тарыхынын туу чокусу деп эсептелет.
Канттын бүткүл чыгармачылыгы шарттуу түрдө сынга чейинки жана сыный болуп эки мезгилге бөлүнөт. Биринчи мезгил 1746-1760-жылдарды камтыйт, экинчиси — «Сезим аркылуу кабылданып, акыл менен түшүнүлө турган дүйнөнүн формалары жана принциптери жөнүндө» деген эмгегинде Кант өзүнүн сын философия системасынын принциптерин биринчи жолу баяндаган 1770-жылдан бери тарта башталат.
Бул албетте, биринчи мезгилде философиялык проблемалар сын көз менен каралып чыккан чыгармалары болгон эмес дегендикке жатпайт. Биринчи мезгилде өзүнүн негизги көңүлүн Кант табият билимдерине жана жаратылыш философиясынын маселелерине бурат.

«Жалпы табият тарыхы жана асман теориясы» трактаты[оңдоо]

Ал «Жалпы табият тарыхы жана асман теориясы» (1755) деген эң көрүнүктүү трактатын жазат, мында ал Ааламга диалектикалык көз карашты негиздеген кеңири белгилүү космогониялык гипотезасын баяндайт. Ааламдын пайда болуу проблемасын карап чыгууда Кант алгачкы түптүрткү (первотолчка) жөнүндө токтолуудан баш тартып, Ааламдын эң алгачкы абалын ар түрдүү материалдык бөлүкчөлөрдүн баш аламан жылып жүргөн булуту катарында элестеткен. Бул бөлүкчөлөр жылып жүрүүгө жөндөмдүү жана бири-бирин көздөй эч кандай түртүүсүз эле жылып, кыймылдай алышат. Муну менен бирге эле түртүлүү күчү да аракетке келет, бул күч ал бөлүкчөлөрдү өзүнүн алгачкы кыймылынын багытын өзгөртүүгө мажбурлайт жана алар айлампа кыймылга ээ болот. Ошентип, бөлүкчөлөр параллель да, четки жактар боюнча жылып кыймылдашат, жеңил бөлүкчөлөр кагышып, жалындап, оттуу шарга, б.а. Күнгө айланат. Кант өзүнүн эмгеги менен чоң илимий ачылышты жараттым деп эсептеп, мындай деген экен: «Мага материяны берсеңер, мен андан дүйнөнү курамын, б.а. мага материяны бергиле, мен андан дүйнөнүн кантип пайда болорун силерге көрсөтүп беремин» [Чыгарм. 6 томдук. 1-т. 126-6]. Кант Кудайды дүйнөнү жаратуучу катарында тааныса да, анын бардык өнүгүү концепциясы дүйнөнүн өзүндө жаратылыштын пайда болушунун жана өнүгүшүнүн себеби камтылып турганын көрсөтөт. Бул концепция өз мезгилинин илимий ой-пикирине таасир бере алган эмес, анткени басма ээси банкрот болуп, бүт тираж жоголуп кеткендиктен, эмгек узак убакыт бою коомчулукка белгисиз бойдон кала берген. Кийинчерээк Канттын концепциясы Кант-Лаплас гипотезасы деп аталып калат. Лаплас да Кантсыз эле дүйнөнүн пайда болушу жөнүндө өз көз карашын көтөрүп чыккан.

«Таза акыл-эсти сынга алуу» эмгеги[оңдоо]

Сыный мезгилдин негизги жоболору Кант тарабынан анын «Таза акыл-эсти сынга алуу» (1781) деген эмгегинде баяндалат, бул эмгегинде ал теориялык жана практикалык таанымдын принциптерин иштеп чыгууга аракеттенет. Ал Декарттан тартып Лейбницке чейинки бир беткей рационалисттик метафизика катарында түшүнгөн догматизм сын көз менен карап чыккан нерселердин баарын «сын» деп атаган. Ошону менен эле бирге ал өзүнүн алдына адамдын тааным жөндөмүн да сын көз менен изилдеп чыгуу милдетин коёт. Бул милдет Кант тарабынан биринчи «Сында» жана кийинки — «Практикалык акыл-эсти сынга алуу» жана «Ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн сынга алуу» деген эмгектеринде чечилген.
1783-жылы ал «Илимге айланышы мүмкүн болгон бүткүл келечектеги метафизикага кириш сөздү», ал эми 1787-жылы толукталып, олуттуу түрдө кайра иштелип чыккан «Таза акыл-эсти сынга алуунун» экинчи басылышын жарыкка чыгарат.
«Таза акыл-эсти сынга алуу» деген эмгегинде Кант илимий билимдердин негизги түрлөрү пайда боло турган шартты аныктайт. Бул проблема төмөнкү: «Таза математиканын болушу мүмкүнбү?, «Таза табият билимдери болушу мүмкүнбү?», «Метафизика илим катарында болушу мүмкүнбү?» деген суроолорго жооп берүү аркылуу конкреттештирилет.

Эмпирикалык жана априордук булактар[оңдоо]

Ой жүгүртүүнүн ушундай суроо-жооп ыгын Кант трансценденталдык ык деп, ал эми өзүнүн бул суроолорго берген жообун трансценденталдык теория деп атайт.
Кант Локко удаа эле биздин бардык таанымдарыбыз тажрыйбадан башталарын тааныса да, ушул эле жерде биздин бул таанымдарыбыз тажрыйбадан келип чыкпайт дейт. «Тажрыйба өзүнүн ой жүгүртүүсүнө эч качан чыныгы жана ырааттуу жалпылыкты бере албайт, ал ошол ой жүгүртүүлөргө шарттуу жана салыштырмалуу жалпылыкты (индукциянын жардамы аркылуу) гана бере алат». Жалпылык априордуу түрдө жетишилет. Адамзат таанымы жалпылыкты жана зарыл акыйкаттарды өзүндө камтып турат, бирок алар — таза априордук ой жүгүртүүлөр. Буларга математикалык жана теориялык табият билимдеринин бардык жоболору таандык. Априордук деп Кант эмпирикалык нерселер таптакыр аралашпаган билимди түшүнгөн.
Акыйкатка априордук мамилени антик философиясынан да, айрыкча Жаңы замандын европалык философиясынан, Декарттан табууга болот. Кантка мүнөздүү болгон жаңы нерсе — ал априоризмди интеллектиге гана эмес, ошондой эле сезимге да таандык кылган.
Ошентип, Кант боюнча, таанымдын эки: эмпирикалык жана априордук булагы бар. Таанымдын априордук тарабы Кант тарабынан төмөнкүчө аныктамаланат: «Акыл-эске негизделген бардык теориялык илимдер принциптер катарында априордук синтетикалык ой жүгүртүүлөрдү камтып турат». Синтетикалык ой жүгүртүү деп Кант предикат менен субьектинин байланышы окшош эместикте (без тождество) карала турган ой жүгүртүүнү түшүнөт. Синтетикалык ой жүгүртүүнүн аналитикалык ой жүгүртүүдөн айырмасы кийинкиде бул байланыш бирдейлик (тождество) аркылуу каралат. Бул айтылган сөздөр аналитикалык ой жүгүртүүдө предикат субьекттин мазмунун гана түшүндүрөт, ал эми синтетикалык ой жүгүртүүдө предикат субьектиге жаңы мүнөздөмө берет. Ошентип, Кант төмөнкүдөй гносеологиялык суроо коёт: «Априордук синтетикалык ой жүгүртүү кандайча мүмкүн болот?» Кант бул суроого өзүнүн «Таза акыл-эсти сынга алуу» деген эмгегин арнайт. «Сынга алуунун...» биринчи бөлүмү, эки бөлүкчөгө: «Трансценденталдык эстетикага», б.а. сезим жөнүндөгү окууга жана «трансценденталдык логикага, б.а. интеллект жөнүндөгү окууга бөлүнөт. Мына ошентип, Кант сезимдик менен рационалдуулукту, сезүү жөндөмдүүлүгү менен интеллекти адам таанымынын эки негизги өзөгү катарында ажырымдап бөлөт.
Сезим жөндөмдүүлүгү деп Кант предметтер бизге таасир кыла турган ыктар аркылуу элестерди алуу жөндөмдүүлүгүн түшүнөт. Предметтер бизге сезим аркылуу берилет, сезим гана бизге байкап кабылдоону, башкача айтканда сезим элестерин жеткире алат. «Ар кандай ойлом,— деп жазат Кант,— акыры келип байкоо (созерцание) кабылдоосуна, демек... сезимге да тике же кыйыр түрдө... мамиледе болот, анткени бир да предмет бизге эч кандай башка бир жол менен берилбейт» [Чыгарм. 3-т. 127-6.]. Ошол эле убакта сезимдик элестерди Кант таанылып-билинбей турган өзүндө-нерселерден (вещей-в-себе) айырмалана турган көрүнүштөр деп атайт. Бул көрүнүштөр илимий таанымдын предмети болуп саналат. Асыресе, Кант сезимдин априордук формаларын табууга умтулат. Кант үчүн мейкиндик жана убакыт ушундай формалар. Кант мейкиндик менен убакыттын «трансценденталдык идеалдуулугун» ырастайт. Ал мейкиндик менен убакыттын априордугу жөнүндө жобо математикалык жоболордун жалпылык жана зарылдык маанисин негиздейт деп эсептеген.

«Трансценденталдык логика»[оңдоо]

«Трансценденталдык логика» деп Кант эс жана акылдын мыйзамдары менен иши боло турган, кандайдыр бир мазмундан абстрактуу түрдө алып чыгылбай турган жана априордук билимдердин жаратылышын, көлөмүн жана обьективдүү маанисин аныктай турган логиканы атайт. Трансценденталдык логиканы Кант «Жалпы», башкача айтканда тааным мазмунунан абстрактуу түрдө алына турган формалдуу логикага карама-каршы коёт. Трансценденталдык логиканын мазмундуулугу таанып-билүүчү ойломдун сезимдик элестетүүлөр менен, б.а. байкоо-көрүү менен байланышын берет. Сезим жөндөмдүүлүгү менен акыл-эстин биригишинен гана, дейт ал, билим келип чыгышы мүмкүн. «Мазмунсуз ой-көңдөй ой, ал эми байкап-аңдоо тааным болбосо сокур». Дээр, Кант боюнча, активдүү, ал эми сезим-пассивдүү. Сезимден дээрге өткөндө сапаттык секирик болот.
«Трансценденталдык логикада» дээр жөнүндөгү окууну бөлүп көрсөтөт, муну ал трансценденталдык аналитика деп, ал эми акыл-эс билими жөнүндөгү окууну болсо трансценденталдык диалектика деп атайт. Кантта трансценденталдык аналитика түшүнүктөрдүн аналитикасына жана негизги жоболордун аналитикасына бөлүнөт.
Аналитикалык түшүнүктөр деп ал акыл-эстеги априордук түшүнүктөрдү издеп табууну жана дээрди таза түрүндө колдонууну талдоону түшүнөт. Кант үчүн түшүнүктөр — бул мүмкүн болуучу ой жүгүртүүлөрдүн предикаттары. Бул түшүнүктөрдү ал категориялар деп атайт. Ой жүгүртүү төрт топко: санга, сапатка, мамилеге, модалдуулукка бөлүнөт. Бул топтор өз кезегинде ар бири үч түргө бөлүнөт. Кантта категориялар да ошол эле аталыштар менен башка бөлүмдөрү бар төрт топту түзөт.
Илимий таанымдын обьектиси катарындагы предметтерге карата алганда категориялардын априордуулугун ачып көрсөтүүнү Кант өзүнүн алдына башкы милдет кылып койгон. Мында ал байкоо-көрүү (созерцания) аркылуу берилген көп түрдүүлүк апперцепциянын трансценденталдык биримдиги аркылуу обьект жөнүндөгү түшүнүккө келип биригет. Канттын бул жобосунда анализ менен синтездин биримдик принциби көрүнөт.
Негизги жоболордун (основоположений) аналитикасы — ой жүгүртүү жөндөмү жөнүндө трансценденталдык окуу, башкача айтканда ой жүгүртүүлөрдүн түзүлүшүнүн априордук эрежелерин аныктоо. Канттын пикири боюнча, бир жагынан категориялары болгон, экинчи жагынан көрүнүштөрү болгон бир тектүү үчүнчү бирнеме, башкача айтканда бир жагынан интеллектуалдуу, экинчи жагынан сезимдик болгон бир нерсе жашап турууга тийиш. Бул орто аралык түшүнүктү Кант «категорияларды обьективдүү колдонуунун эрежелерин» билдирүүчү «трансценденталдык схема» деп атайт. Канттын пикири боюнча, негизги жоболордун (основоположений) аналитикасы акыл-эстин (рассудка) априордук структурасын аяктап бүтөт (завершает), бул структура табият билимдеринин илим катарында жашоо мүмкүндүгүн түшүндүрөт, атап айтканда, илимий таанымдын негизинде жаткан жалпы илим зарыл түшүнүктөрдүн, ошондой эле ой жүгүртүүгө бириктирүүнүн (соединения) эрежелеринин жана байкоо-көрүү колдонуу эрежелеринин априордуулугу илимий акыйкаттар да жалпы жана зарыл мүнөзгө ээ деген жыйынтыкка алып келет.

"Акыл-эс таңуулайт" жобосу[оңдоо]

Кант тарабынан чыгарылган негизги жыйынтык — мыйзамдарды жаратылышка акыл-эс таңуулайт деген жободо турат. Коперниктик төңкөрүш сыяктуу Кант ишке ашырган «философиядагы революция» дал мына ушунда турат. Жаратылыш дегенди Кант «кубулуштардын зарыл эрежелер боюнча, б.а. мыйзамдар боюнча жашап турушунун байланышы катарында түшүнөт, бул мыйзамдар априордуу, ошондуктан алар жаратылыштын жашоосун мүмкүн кылып турат. Кант үчүн жаратылыш «эмпирикалык мааниде», б.а. кубулуштардын дүйнөсү катарында гана реалдуу. Эгерде өзүндө-нерселерди (вещи-в-себе) таанып-билүүгө мүмкүн эмес болсо, кубулуштарды толук таанып-билүүгө болот.

Феномен жана ноумен[оңдоо]

Кант феномендер менен ноумендерди айрымалап көрсөтөт. Феномен деп Кант кубулуштарды түшүнөт, ноумен деп таанып-билүүгө мүмкүн болбогон, бирок реалдуу жашап турган өзүндө-нерселерди эмес, а реалдуу жашап турбаган, бирок акыл эс менен баамдап-түшүнүүгө боло турган нерселерди айтат. Бул Кантты берклиандык идеализмге окшогон идеалисттик көз карашты тутат деп айыптоого себеп болгон. Ушуга байланыштуу Кант «Таза акыл-эсти сынга алуунун» экинчи басылышына «Идеализмди төгүндөө» деп аталган бөлүмдү киргизип, Берклинин идеализмин сынга алып, ал эми өзүнүн окуусун «трансценденталдык идеализм» деп атайт.
Канттын трансценденталдык диалектикасы эң жогорку тааным жөндөмдүүлүгү болгон акыл-эсти изилдейт. Ал мындай деп жазат: «Биздин ар кандай билимибиз сезимден башталат да, андан кийин дээр-зээнге өтүп, акыл-эсте аяктайт: бизде байкап-баамдаган материалдарды иштеп чыга турган жана аны ойломдун эң жогорку бир бүтүн тутумуна алып келип камтый турган акыл-эстен бийик эч нерсе жок» [Чыгар. 3-т. 340-6.]. Таза акыл-эсти изилдөө метафизика илим болушу мүмкүнбү деген суроого жооп берүүгө тийиш. «Эгерде дээр-зээн эрежелердин жардамы аркылуу кубулуштардын биримдигин түзө ала турган жөндөмдүүлүк болсо, анда акыл-эс принциптер боюнча дээр-зээн эрежелеринин биримдигин түзө ала турган жөндөмдүүлүк болуп саналат» [Чыгарм. 3-т. 342-6.].

Акыл-эс идеяларынын бөлүнүшү[оңдоо]

Трансценденталдык идеяларды, башкача айтканда акыл-эс идеяларын Кант үч класска бөлөт: жан, дүйнө, Кудай. Бул үч идея метафизиканын изилдөө предмети болуп саналат жана үч нагыз рационалдык дисциплиналардан: психологиядан, космологиядан жана теологиядан турат. Рационалдуу космологияны карап чыгууда Кант киргизген антиномия туюнтмасы чоң мааниге ээ болгон, ал бири-бирине кайчы келген космологиялык ой-пикирлерди ушундайча атаган. Бул антиномияларды изилдөөнү ал трансценденталдык аналитика деп атайт. Биринчи антиномия: дүйнөнүн мезгил агымында башталган чеги бар жана ал мейкиндикте чектелүү абалда турат, дүйнөнүн мезгил агымында башталыш чеги жок жана мейкиндикте чектелген эмес, ал мезгил агымында да, ошондой эле мейкиндикте да чексиз.

Антиномия[оңдоо]

Экинчи антиномия: дүйнөдөгү ар бир татаал нерсе жөнөкөй бөлүкчөлөрдүн курамынан турат, дүйнөдөгү бир да татаал нерсе жөнөкөй бөлүкчөлөрдүн курамынан турбайт. Үчүнчү антиномия: дүйнөдөгү бардык нерселер жаратылыштын зарыл мыйзамдарына ылайык ишке ашып турат жана себептүүлүк мыйзамынын негизинде таанылып-билинет, дүйнөдө себептүүлүк бирден бир мыйзам эмес, түшүндүрүү үчүн эркин себептүүлүктүн бар экендигине жол коюу талап кылынат. Төртүнчү антиномия-дүйнөдө анын бөлүгү катарында же анын себеби катарында сөзсүз зарылдыгы бар маңыз жашап турат, дүйнөдө анын себеби катарында эч жерде эч кандай абсолюттуу зарыл маңыз жок.
Биринчи эки антиномияны Кант математикалык деп, калган экөөнү — динамикалык деп атайт. Ал антиномийлердин пайда болушу дүйнө шексиз бир бүтүндүк катарында акыл-эстин теориялык таанымынын предмети болуп саналат деген жалган түшүнүк менен шартталган деп эсептеген.
Антиномиялардагы камтылып турган баардык карама-каршылыктардын диалектикасы, Канттын оюнча, жалган. Чындыгында Канттын антиномия жөнүндөгү окуусу философтордун алдына бир катар татаал проблемаларды — чектүү (конечного) менен чексиздин, жөнөкөй менен татаалдын, зарылдык менен кокустуктун, зарылдык менен эркиндиктин карама-каршылыктуу биримдиги жөнүндөгү проблемаларды койгон. Ошондуктан антиномиялардын проблемасы чындык дүйнөсүндөгү нагыз карама-каршылыкты чечүүгө диалектикалык мамиле жасоо үчүн кубаттуу стимул болгон.

«Рационалдык теология»[оңдоо]

«Рационалдык теологияны» карап чыгууда Канттын Кудай бытиесин далилдөөлөрдүн ишенимсиздигин аныктап көрсөткөнү көңүл бурууга татыктуу, бул далилдөөлөр онтологиялык, космологиялык, физика-теологиялык далилдөөлөрдөн турат. Кудай бытиеси жөнүндөгү баардык далилдөөлөрдү жокко чыгарып, Кант акыл-эсти теологияга нагыз спекулятивдүү түрдө колдонууга болгон бардык аракет натыйжасыз бүтөт, ал эми аны жаратылышка колдонуу принциптери теологияга алып келбейт деген корутунду чыгарат. Кудай бытиесин далидөөлөрдү жокко чыгаруунун мааниси ал жокко чыгаруулар философияны ошол мезгилде Германияда күчтүү болуп турган теологиядан бошотууга жардам бергендигинде. Кант рационалдуу психология, космология жана теология илим катарында жашай албайт деген жалпы корутундуга келет. Ошол эле убакта ал метафизиканы илимге айландырууга болот деп эсептеген. Этика.

Этикага арналган эмгектери[оңдоо]

Канттын чыгармачылыгында этика проблемасын иштеп чыгуу өзгөчө орунду ээлейт. Буга бир нече эмгек арналган, алар төмөнкүлөр: «Адеп-ахлак метафизикасынын негиздери» (1785),
«Практикалык акыл-эсти сынга алуу» (1788),
«Нравалардын метафизикасы» (1797),
«Адам жаратылышындагы тубаса жамандыктар» (1792),
«Бул теорияда гана туура болушу мүмкүн, бирок практика үчүн жараксыз» деген лакап кеп жөнүндө» (1793),
«Акыл-эстин гана чектеринде турган дин» (1793).

Жылдыздуу асман жана менин ич дүйнөмдөгү мораль мыйзамы[оңдоо]

Адамдын жүрүм-турумун жөнгө салып турган адеп-ахлактын маңызын аңдап-түшүнүүнү Кант философиянын эң маанилүү милдеттеринин бири деп эсептеген. Ал мындай деп жазат: «Биздин жан дүйнөбүздү дайыма эки нерсе толуктап турат, биз алар жөнүндө канчалык узак жана улам-улам ой жүгүртсөк биздин жан дүйнөбүз дайыма ошончолук улам жаңы жана күчтүү таң калуу жана кастарлоо сезимине толо берет, ал эки нерсе: — менин төбөмдөгү жылдыздуу асман жана менин ич дүйнөмдөгү мораль мыйзамы» [Чыгарм. 4-т. 1-6.499-6.].
Адеп-ахлактын негизи, Кант боюнча, таза акыл-эс түшүнүктөрүндө априори жатат. Бул учурда Кант акыл-эсти мурдагыдай теориялык акыл-эс эмес, практикалык акыл-эс катарында карайт. Дал практикалык акыл-эс-эркиндик жана эрк эркиндиги проблемалары менен иши боло турган адеп-ахлак болуп саналат. Таза акыл-эс эркти аныктаганда жана ал эрк эркин эркке айланганда практикалык акыл-эс катарында аракет кылат.
Кант өзүнүн адеп-ахлак системасын түзүүдө адеп-ахлактын маңызы катарында «изги эрктин» бар экендигине таянат. Кант адеп-ахлакты талдап кароону «дүйнөнүн эч жеринде жана анын тышында да изги эрктин бир өзүнөн башка чексиз изгилик деп ойлоого боло турган бөлөк эч нерсе жок» [Чыгарм. 4-т. 2-бөлүк, 288-6.] деген белгилүү пикирден баштайт. Эрк мораль мыйзамы менен гана аныкталат. Изги эрк жана мораль мыйзамы деген түшүнүктөрдөн башка да өзүндө изги эрк түшүнүгүн кошо камтып турган парыз түшүнүгү адеп-ахлактын негизги түшүнүгү болуп саналат. Эркти иш жүзүндө Кант практикалык акыл-эс менен окшоштурат жана аны кандайдыр бир сырткы таасирлерге: материалдык, анын ичинде социалдык, ошондой эле диний таасирлерге көз каранды болбогон, автономдуу нерсе деп түшүнөт.
Адеп-ахлак эрки, Кант боюнча, практикалык негизди камтып турат жана ал аксиомаларга жана мыйзамдарга бөлүнөт. Максима — бул эрктин субьективдүү принциби, мыйзам — бул эрктин обьективдүү принциби. Мыйзамдар императивдер катарында өз кезегинде гипотетикалык жана чечкиндүүлүк болуп экиге бөлүнөт. Канттын чечкиндүүлүк императиви бир нече аныктамадан турат, бул мыйзам ушул аныктамалар аркылуу такталып, калыпка салынган. Бул мыйзам так, толук түрдө төмөнкүчө аныктамаланат: «Сенин эркиңдин максимасы бир эле убакта жалпы мыйзамдын принцип күчүнө ээ болгудай кылып аракеттен» [Чыгарм. 4-т. 1-бөлүк. 331-6.].
Бул чечкиндүүлүк (категорический) императиви Кантта төмөнкүдөй талап менен толукталат: «сен өзүңдүн атыңдан да жана башка бирөөнүн атынан да, адамзатка мамиле жасаганда максатка мамиле жасагандай мамиле жаса жана эч качан ага каражат катарында мамиле жасаба» [Чыгарм. 4-т. 1-бөлүк, 270-6.].

«Кулк-мүнөздөрдүн метафизикасы» эмгеги[оңдоо]

«Кулк-мүнөздөрдүн метафизикасы» деген эмгегинде ал адамдын адептик милдеттеринин бүтүндөй бир комплексин келтирет. Ал адамдын өз керт башына карата милдетин эң маанилүү деп эсептейт, адам өзүнүн ден-соолугу жана өз өмүрү жөнүндө өзү кам көрүүгө тийиш. Ал өз жанын өзү кыюуну, ичкилик ичип, соргоктук кылып, өз ден-соолугуна зыян келтирүүнү адамдын кемчилиги катарында карайт. Жакшы сапаттарга чынчылдыкты, ак ниеттүүлүктү, ак көңүлдүктү, адилетикти, өзүнүн нарк-насилин сезе билүүнү таандык кылат. Адамдын алдында кул болбоо керек, өзүңдүн керт башыңдын укугун башкалардын кордошуна жол бербөө керек, кошоматчылык кылбоо керек ж.у.с. насыяттарды айткан. Адамдардын бири-бирине жасаган мамилесинде милдеттердин катарына сүйүүнү жана өз ара урматташууну кошот. Урматташып- сыйлашуу мамилесине — бой көтөрүү, богооздук жана кордоо сыяктуу кемчиликтер карама каршы турат. Айрыкча адамдардын ортосундагы сүйүүгө жана урматташууга негизденген достук мамилелерди өзгөчө баса белгилеген. Кант жакшы сапаттарга үйрөтүү керек, баланы моралдык жол-жоболорду үйрөтүү аркылуу жаш курагынан эле эртелеп баштоо керек деп эсептеген.
Кант адамдын адеп-ахлак нормалары анын Кудайга болгон ишенимине көз каранды эмес экенин бир кыйла ачык айткан. Ал мындай деп жазат: «Мораль эркин адам жөнүндөгү түшүнүккө негизденгендиктен, дал мына ошондуктан өзүнүн акыл-эсинин жардамы аркылуу өзүн шексиз мыйзамдар менен байланыштыра алгандыктан адам өз парызын түшүнүү үчүн өзүнөн жогору турган күч жөнүндөгү идеяга да, өзүнүн ушул парыздарын аткаруу үчүн ал мыйзамдын өзүнөн башка эч кандай башка мотивдерге да муктаж эмес» [Чыгарм. 4-т. 1-бөлүк, 40-6.]. «Мораль динге дегеле муктаж эмес» [78-6.] Тарыхта жашаган бардык диндерди Кант теңирликти урматтоонун жалган түрү катарында караган. Бирден бир чыныгы дин практикалык акыл-эс тарабынан иштелип чыгыла турган адептик мыйзамдарды гана өзүндө камтып турат, андан башка эч нерсени камтыбайт. Ал христианчылыкты ушул духта талдап-түшүндүрүүгө умтулган.
Ошентип, Канттын этикасы — парздын этикасы, мунун булагы — стоицизм. Бирок, өзүнүн этикасынын стоиктик духуна Кант «турмуш менен ырахаттанууну камсыз кыла турган бирнемени» кошот. «Бул бирнеме» — такыбаа Эпикурдун идеясы боюнча «дайыма бар болуп турган кубаныч духу».
«Ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн сынга алуу». «Таза акыл-эсти сынга алуу» жана «Практикалык акыл-эсти сынга алуу» деген эки сын эмгектеринен башка да Кант үчүнчү «Сынды» — «Ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн сынга алууну» да жазган, бул эмгек биринчи эки эмгекти байланыштырып, ой жүгүртүүнүн рефлектирлөөчү жөндөмдүүлүгүн ачып көрсөтүүгө тийиш болгон. Эмгек эки бөлүккө: искусство философиясына жана органикалык жаратылыш философиясына бөлүнөт.

"Сонундук" түшүнүгү[оңдоо]

Өзүнүн философиялык эстетикасында Кант сонундук жөнүндөгү түшүнүктү берет. Ал «түшүнүктөрдүн жардамысыз эле баарына жага турган нерселер сонундук» дейт. Ой жүгүртүүнүн эстетикалык жөндөмү Кант үчүн эң сонун жана ажайып деп баалана турган предметтерден адам баласы ала турган ырахаттануу (маашырлануу) сезимин баштан өткөрүүдө турат. Эстетикалык ырахаттануу жөнөкөй түрдөгү жагымдуу сезимден жана моралдык мамилелерден жаралуучу жакшы сезимден айырмаланат.
Искусство чыгармаларына эстетикалык баа берүү, Канттын ою боюнча, биз ырахаттанууну эстетикалык түшүнүктөрдөн эмес, эстетикалык предметтердин сырткы сынын байкап-көрүү аркылуу ала тургандыгыбызда. Мындай учурда бул эстетикалык баа берүү субьективдүү, бирок, бул баа жалпы мааниси бар баа сыяктуу айтылат. Искусство чыгармалары максатка ылайыктуу нерселер катарында каралууга тийиш, бирок бул максатка ылайыктуулукта өз алдынча турган максат болбойт, ошондуктан бул максатка ылайыктуулукта биздин практикалык кызыкчылыгыбыз жок болсо да сонундуктар бизге жага берет.
Кант ой жүгүртүүнүн эстетикалык жөндөмдүүлүгүн жаратылыштын предметтерин сезим аркылуу кабылдоодо пайда боло турган көңүлдү көтөргөн ажайып маанайларды кароо менен аяктайт.

Социалдык философия.[оңдоо]

Кант бул тармак боюнча төмөнкү эмгектерди жазган: «Бүткүл дүйнөлүк-граждандык пландагы бүткүл жалпы тарых идеясы» (1784), «Агартуу» дегенибиз эмне деген суроого жооп», «Түбөлүктүү дүйнөгө карай» (1795), «Кулк-мүнөздөрдүн метафизикасы» (биринчи бөлүгү).
Кант Агартуучулуктун идеологдору тарабынан көтөрүлгөн адамзаттын тарыхый өнүгүшүндөгү прогресс идеясына таянат. Ал тарых белгилүү бир план боюнча өнүгөт деп эсептеп, бул профессти багыттап тура турган мыйзамченемдүүлүктүн маңызын ачып берүүгө аракеттенген. Ушуну менен бирге Кант бул профессти жаратууда адамдардын өз ишмердигине чечүүчү маани берген.

Кант коом тууралу[оңдоо]

Канттын сиңирген эмгеги анын коомдук прогресстеги карама-каршылыктар проблемасын койгондугунда, бул карама-каршылыктардын булагы өзүмчүлдүк, мансапкорлук, дүйнөкорлук, атак-даңкты жакшы көрүүчүлүктөн улам адамдардын ортосунда пайда болуучу чыр-чатактар болуп саналат, бирок Кант бул кумар-ышкылыктарды нукура натуралисттик тургудан түшүндүргөн. Ал адамзаттын башкы проблемасы укуктук граждандык коомду куруу деп эсептеген. Республикалык түзүлүштү болсо мамлекеттик түзүлүштүн идеалы дейт, бирок, бул республикалык түзүлүштү философтор иштеп чыккан граждандардын жалпы эркин жетекчиликке алган монарх башкарса баарынан жакшы болот деп ойлойт. Республикалык түзүлүш «аткаруучу бийликти (өкмөттү) мыйзам чыгаруучу бийликтен бөлүүнүн мамлекеттик принциби болуп саналат» [Чыгарм. 6-т. 269-6.]. Философтор, Кант үчүн, мамлекеттик бийликтин алдындагы элдин чыныгы өкүлдөрү болгон. Канттын тарых философиясынын концепциясы феодализмге жана абсолютизмге каршы багытталган.
Кант согуш жана тынчтык маселелерине чоң маани берген. «Бүткүл жалпы тарых идеясы...» деген эмгегинде мамлекеттердин ортосунда түбөлүк тынчтык жөнүндө келишим түзүлүүгө тийиш, болбосо цивилизациянын бүт бардык жетишкендиктерин согуш жок кылып салышы мүмкүн деген пикирди айткан. Ал түбөлүк тынчтык келишимдин долбоорун иштеп чыккан, ал «Түбөлүктүү тынчтыкка карай» деген чыгармасында толук баяндалат. Кант адегенде долбоордун 6 кириш статьясын белгилейт: 1) келишим боюнча келечектеги согуштун бардык себептери, мисалы территориялык орунсуз дооматтар жок кылынат; 2) бир да мамлекет мурастоо, бир нерсеге айырбаштоо, сатып алуу, тартууга берүү жолдору аркылуу экинчи бир мамлекеттин ээлигине өтпөшү керек; 3) белгилүү бир убакыттарда туруктуу армия толук жок болууга тийиш; 4) мамлекет карыздарды согушту даярдоого жапа аны жүргүзүүгө пайдаланууга тийиш эмес; 5) «бир да мамлекет башка бир мамлекеттин саясый түзүлүшүнө жана башкаруу ишине күч менен кийлигишүүгө тийиш эмес»; 6) бир да мамлекет оз ара ишенимге зыян келтире турган душмандык иш-аракеттерди (мисалы, киши өлтүргүчтөрдү жиберүү, мамлекеттик чыккынчылыкка азгыруу) пайдаланбоого тийиш. Канттын долбоорунун негизги статьялары мамлекеттердин бүткүл дүйнөлүк федерациясын түзүүнү болжолдойт, бул федерация согуштарды четке кагат, меймандостук принцибин орнотот, мындай принцип башка бир мамлекетке келген чет элдик адамга тийиштүү түрдө мамиле жасалышын кепилдейт. Кант үчүн түбөлүк тынчтык — бул «эң жогорку саясый жыргалчылык», бул, «бийлик адамдарга эмес, мыйзамдарга таандык болгон» [Чыгарм. 4-т. 2-болүк, 283-6.] эң мыкты мамлекеттик түзүлүштүн учурунда гана жетишилет.

Моралдык принцип[оңдоо]

Саясатка караганда моралдын биринчилик мааниси жөнүндөгү Кант аныктамалап чыккан принцип чоң мааниге ээ болгон. Бул принцип бийликтегилердин аморалдык саясатына каршы багытталган. Кант адепсиз саясаттын негизги жоболорун төмөнкүчө аныктайт: 1) башка бирөөлөрдүн жерин басып алуу жана муну актай турган жолдорду издөө; 2) кылмыштарга өзүнүн тиешеси бар экенин тануу; 3) «бөлүп ал да, бийлей бер» принцибин жүргүзүү. Кант бардык саясый иш-аракеттердин ачык, жарыя жүргүзүлүшүн адепсиз саясатка каршы башкы каражат деп эсептейт. Ал «бир адамдын башка адамдардын укугуна тийиштүү болгон жорук-жосуну, эгерде анын максималары ачыктык менен сыйышпай турган болсо ал адилетсиздик, ошону менен бирге «ачыктыкка муктаж болгон (өз максатына жетүү үчүн) бардык максималар мыйзамга да, саясатка да ылайык келет» деп эсептелген [Чыгарм. 3-т. 303, 308-6.]. Кант «адамдын укугу, бул укуктуу коргоо үчүн үстөмдүк кылуучу бийлик кандай гана курмандыктарга барбасын, ыйык деп эсептелинүүгө тийиш» [Чыгарм. 6-т. 302-6.].

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8