Платон

Википедия дан
Платон

Платон ( бай.-грек. Πλάτων) (б.з.ч. 428 же 427 Афинада туулган — б.з.ч. 348 же 347 өлгөн) — байыркы грек философу, Сократтын шакирти жана Аристотелдин устаты. Адамзаттын «эң жакшы жашоо» маселеси жөнүндө тынчсызданып, Платон аны акыл-эс ишке ашыра турган (бул мезгилдин ойчулдары үчүн акыл-эс каражат эмес, максат болгон) мамлекеттердин моделин түзүүнүн жардамы менен чечүүгө аракет кылган. Платон үчүн идеалдуу мамлекеттин прототиби болуп, байыркы Грециялык мамлекеттүүлүктүн негизги формасы, полис же шаар-мамлекет эсептелген. Платондун ою боюнча идеалдуу мамлекет барыдан мурда адамдын өлбөс жан-дүйнөсүн сактап калуу үчүн зарыл. Философ-моралист катары ал жердеги берекесиз, аянычтуу жашоого каршы чыгат. «Мамлекет» диалогунда Платон алгачкылардан болуп, саясий формаларды мүнөздөөгө кайрылат. Ал саясий формалардын начарлары деп: тимократия, олигархия жана демократияны сүрөттөп кеткен. Акыркысын ал сөзсүз түрдө көпчүлүктүн тираниясына алып келе турган саясаттын башкы кырсыгы деп атаган. Мамлекеттин начар формасына Платон идеалдуу мамлекетти каршы койгон. Идеалдуу мамлекетти – тандалган ойчулдардын акыйкаттуу башкаруусу катары сүрөттөгөн. Платон «сейрек кездешүүчө бул адамдар» гана чыныгы билим менен ак ниеттүүлүктүн баасын билет деп эсептеген. Платондун саясий идеалында инсан, коом жана мамлекет полисте айкалышкан. Катардагы индивидге чыныгы билим тиешелүү боло албайт дегенге ишенип, Платон аны мамлекетке баш ийдирүүгө умтулган. Ал тарбиялоо жана билим берүү системаларын катуу көзөмөлдөөгө алган катмарлардын бекем иерархиясын киргизген: (жогорку тап) ойчулдар – башкаруучулар, жоокерлер жана күзөтчүлөр, кол өнөрчүлөр жана дыйкандар. Башкарылуучулардын жеке эч нерсеси: үй-бүлө, менчиги жок – бардыгы жалпы. Жогорку тап бийликте болгонуна карабай, «мамлекет сунуш кылган жыргалчылыктын биринен да пайдалана алышпайт». «Биз мамлекетти, – деп улантат Платон – анда бирөөлөр гана эмес, бардыгы бактылуу болушу үчүн курабыз». Платондун саясий окуусунда тоталитаризмдин башатын көрүүгө болот. Бирок бир нече кемчилдигине карабай анын ойлорунда мамлекеттүүлүктүн акылга сыярлык негиздерин, жогорку моралдык жан-дүйнөнү табууга мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9