Кант цемент-шифер комбинаты

Википедия дан

Кант цемент-шифер комбинаты – Кант шаарында жайгашкан өнөр-жай ишканасы; 1996-жылдан ачык акционердик коом. 1964-жылы алгачкы цемент алынган. Комбинатта бир жыл ичинде 5 мештин курулушу бүткөрүлүп, суткасына 2600 т цемент өндүрүлгөн. 16500 м2 аянтка түтүк-шифер өндүрүшүнүн курулушу башталып, 1967-жылы декабрда алгачкы шифер чыгарылган. Эки жылдын ичинде курулган имаратка жылына 116 млн такта шифер жасоочу үч технологиялык линия монтаждалган. 1968-жылы жалпы кубаттуулугу жылына 960 км түтүк жасоочу технологиялык линия пайдаланууга берилген. 1978-жылы шифердин эки түрүнө Сапат белгиси ыйгарылган. Цемент чыгарууну көбөйтүү үчүн 1974-жылдан тартып мештер реконструкцияланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]