Кант (шаар)
| |||
Өлкө |
Кыргызстан | ||
---|---|---|---|
Облус |
Чүй облусу | ||
If: |
Ысык-Ата району | ||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Негизделген күнү |
1985 | ||
Калкы | |||
Калкынын саны |
([[]]) | ||
Жыштыгы |
адам/км2 | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Кант — Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы шаар (1985-жылдан), райондун борбору (1998-жылдан). Республиканын борбору Бишкектен 20 км чыгыш, облустун борбору Токмок шаарынан 40 км батыш тарапта. Бишкек — Балыкчы автомобиль жана темир жолунун боюнда жайгашкан.
Шаар 1929-жылы кыштак катары негизделген. Калкы 21,6 миң (2007). Темир жол бекети. Кант шаары — Чүй облусунун өнөр жайлуу борборлорунун бири. Шаарда тогуз өнөр жай ишканасы бар. Алар: «Кант цементшифер комбинаты», «Кант типография», «Кумшагыл», «Дан-азык» АК, «Абдыш ата», «Кант-сүт», «Блиц-1», «Кыргызмунайзат» ЖЧКлары, тажрыйба-ремонт — эксперименттик-механикалык жана нан заводдору. Шаарда кесиптик-тех. окуу жайы, лицей, 5 орто жана муз. мектеп, китепканалар, 5 бала бакча, балдарды эстетикалык жактан тарбиялоо борборлору, маданият үйү, клуб, стадион жана башка бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, санитария-эпидемиол. станциясы, балдардын кардиоревматология санаторийи, оорукана, бейтапкана, «Экофарм», аптекалар, мончо, сауналар, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, базар, ресторан, кафе-барлар жана башка иштейт. Шаардын чегинде бир нече мечит жана 2 чиркөө жайгашкан.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9