Кан жол
Кан жол – эки аймакты, шаарларды, өлкөлөрдү жана башка байланыштырып турган, унаа көп жүргөн негизги чоң жол. Мисалы, Кыргызстандагы Бишкек – Торугарт, Бишкек – Ош жана башка автомобиль жолдору. Кыргызстанда терминдин 1-компоненти кошулган оронимдер да бар, мисалы, Кан-Тоо, Кан-Теңир тоо тоому жана чокусу, Кан-Жайлоо мөңгүсү жана башка.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9