Каприччо

Википедия дан

Каприччо, каприччио (италия тилинде сapriccio – кубулуу, наздануу) – виртуоздуу стилде аткарылуучу эркин формадагы аспаптык пьеса. Каприччо адегенде мадригал тибиндеги вокалдык пьеса болсо, 16–17-кылымда ричеркар, канцона, фантазия, токката сымал полифониялык музыкага жакындашат. Каприччонун эң сонун үлгүлөрү – Н. Паганининин скрипка үчүн «24 каприччосу», Н. Римский-Корсаковдун «Испан каприччосу», П. Чайковскийдин «Италян каприччосу». Композиторлор көбүнчө Каприччо үчүн элдик обондорду негиз кылып алышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]