Карабел (Уйгум), тоо

Википедия дан

Карабел (Уйгум) тоосуФергана тоо тизмегинин түштүк тармагы. Кулун жана Каракулжа өрөөндөрүнүн аралыгында Уйгум, Кулун жана Карабел тоолорунан турат. Узундугу 25 км. Орточо бийиктиги 2800 м, эң бийик жери 4939 м (Үчсейит чокусу).

Капталдары жантайыңкы; байыркы тайпак жондор, өрөөндөрү менен жондордо байыркы мореналар кездешет. Тик капчыгайлар, жер көчкүлөр, бийик жарлар да бар. Палеозойдун акиташ теги, сланец, мезозойдун конгломерат тектеринен турат. Мөңгүлөр (Үчсейит, Карабел жана башкалар) бар. Негизинен токой, субальп жана альп шалбаалары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]