Каракыр тоосу

Википедия дан

Каракыр тоосуЧаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш тармагы. Терек ж-а Ала-Бука сууларынын алабынан орун алган. Уз. 25 км, туурасы 15 км.

Орт. бийикт. 3900–4100 м, эң бийик жери 4309 м. Тоо түндүктөн түштүккө ж-а түш.-батышка карай созулат. Тоонун суу бөлгүчү негизинен түзөң, тайпак, мөңгү жок. Капталдары тигирээк (35–45°), узун кокту-колоттуу, капчыгайлары бар. Палеозой м-н рифейдин гранит, гранит-диорит, габбро-диорит, серпентинит интрузия тектеринен турат. Коргошун, сурьманын кендери кездешет. Ландшафтына шалбаалуу талаа (2300–2400 мге чейин), шалбаалуу жаңгак токою (2400–2700 м),бийик чөптүү шалбаа (2700–3000 м), субаль ж-а альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (3000–3300 м), андан жогору гляциалдык-нивалдык бийиктик зоналары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2